Microsoft Windows

Microsoft Windows
Windows darkblue 2012 svg.svg
Иштеп чыгуучу Microsoft
Баштапкы код модели Жабык баштапкы код / shared source
Биринчи чыгарылышы Windows 1.0 / 20-ноябрь 1985-ж; 32 жыл мурун (1985-11-20)
Акыркы стабилдүү чыгарылышы 1803 (10.0.17134.112)/ 12-июнь 2018-ж; 3 ай мурун (2018-06-12)
Акыркы сыноодогу чыгарылышы RS5 (10.0.17686)/ 6-июнь 2018-ж; 3 ай мурун (2018-06-06)
Базардык багыты Персоналдык компьютерлер
Тилдердин саны 138
Пакет тейлегичи Windows Installer (.msi), Windows Store (.appx)
Платформалар ARM, IA-32, Itanium, x86-64, DEC Alpha, MIPS, PowerPC
Өзөк түрү Windows NT бүлөсү: Гибриддик
Windows CE: Гибриддик
Windows 9x жана андан мурдагы: Монолиттик (MS-DOS)
Колдонуучу интерфейси Windows shell
Лицензиясы Проприетардык коммерциялык программалык камсыздоо
Сайты www.microsoft.com/en-us/windows

Microsoft Windows, же жөн эле Windows — Microsoft компаниясы тарабынан иштелип, базарга алып чыгарылган жана сатылган графикалык операциялык системалардын үлкөн биримдиги. Ал операциялык системалардын бир нече үй-бүлөсүнөн турат. Алардын ар бири эсеп өнөр-жайынын белгилүү бир багытын IBM PCге ылайыктуу түзүлүш менен байланышкан операциялык система (OS) менен камсыздайт. Иштеп жаткан Windows үй-бүлөсүнө Windows NT жана Windows Embedded кирет; буларга бутактама биримдиктер кириши мүмкүн. Мисалы, Windows Embedded Compact (Windows CE) же Windows Server. Ишин токтоткон Windows үй-бүлөлөрүнө Windows 9x, Windows Mobile жана Windows Phone кирет.

Microsoft 1985-жылдын 20-ноябрында Windows деп аталган операциялык чөйрөнү сунуштаган. Бул графикалык колдонуучу интерфейсине (GUI) болгон кызыгуунун өсүшүнө жооп катары чыккан MS-DOS үчүн графикалык операциялык система кабыгы болгон. Microsoft Windows 1984-жылы киргизилген Mac OSтон ашып, дүйнөнүн жеке компүтерлер (PC) базарында 90 пайыздан ашыгын ээлеп, үстөмдүк кылып калган. Apple компаниясы Lisa жана Macintosh сыяктуу продукцияларында ишке ашырылып жаткан GUI өнүктүрүүдөгү ачылыштарына Windows адилетсиз кол салып жатат деп эсептей баштаган (акыры 1993-жылда сот Microsoft команиясынын пайдасына чечкен). PCлерде Windows дагы эле абдан популярдуу операциялык система болуп саналат. Ошондой болсо да, Android смартфондордун сатылышы массалык түрдө өскөнүнө байланыштуу 2014-жылы Microsoft жалпысынын операциялык система базарынын көпчүлүк бөлүгүнөн кол жууп, ал Androidге өтүп жатканын мойнуна алган. 2014-жылы сатылган Windows түзмөктөрдүн саны Android түзмөктөрдүкүнө караганда 25 пайызга аз болгон. Бирок бул салыштыруу толугу менен байланыштуу деле болбошу мүмкүн, анткени эки операциялык система негизинен эки башка платформаларга багытталган. Ошентсе да, Windows серверин колдонуу саны (атаандаштарына салыштырмалуу) базардагы үлүштүн үчтөн бирин көрсөтөт. Бул сатып алып пайдаланган колдонуучулардын саны менен бирдей.

2016-жылдын сентябрына карата PC, планшеттер, смартфондор жана кыналган түзмөктөр үчүн Windowsтун эң акыркы версиясы Windows 10 болуп саналат. Сервердик компүтерлер үчүн акыркы нускасы Windows Server 2016 болуп эсептелет. Windowsтун адистештирилген версиясы Xbox One видео оюн консолунда иштейт.

Other Languages
অসমীয়া: ৱিণ্ড'জ
azərbaycanca: Microsoft Windows
žemaitėška: Microsoft Windows
беларуская: Microsoft Windows
беларуская (тарашкевіца)‎: Microsoft Windows
български: Microsoft Windows
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Microsoft Windows
corsu: Windows
Ελληνικά: Microsoft Windows
føroyskt: Windows
客家語/Hak-kâ-ngî: Microsoft Windows
עברית: Microsoft Windows
hornjoserbsce: Windows
magyar: Windows
interlingua: Microsoft Windows
Bahasa Indonesia: Microsoft Windows
la .lojban.: la .uindoz.
ქართული: Microsoft Windows
Qaraqalpaqsha: Microsoft Windows
қазақша: Microsoft Windows
Ripoarisch: Microsoft Windows
Lëtzebuergesch: Microsoft Windows
Limburgs: Windows
Ligure: Windows
lumbaart: Windows
македонски: Microsoft Windows
монгол: Microsoft Windows
Bahasa Melayu: Microsoft Windows
Dorerin Naoero: Microsoft Windows
Plattdüütsch: Microsoft Windows
Nederlands: Microsoft Windows
norsk nynorsk: Microsoft Windows
occitan: Windows
português: Microsoft Windows
Runa Simi: Windows
русский: Windows
русиньскый: Microsoft Windows
саха тыла: Microsoft Windows
srpskohrvatski / српскохрватски: Microsoft Windows
Simple English: Microsoft Windows
slovenčina: Microsoft Windows
slovenščina: Microsoft Windows
Soomaaliga: Microsoft Windows
తెలుగు: విండోస్
тоҷикӣ: Microsoft Windows
татарча/tatarça: Microsoft Windows
українська: Microsoft Windows
oʻzbekcha/ўзбекча: Microsoft Windows
vepsän kel’: Microsoft Windows
Tiếng Việt: Microsoft Windows
West-Vlams: Windows
吴语: 微软视窗
მარგალური: Microsoft Windows
ייִדיש: Windows
Bân-lâm-gú: Microsoft Windows