Энелик клетка

Адамдын энелик клеткасы

Энелик клетка — аялдардын жыныс клеткасы.
Энелик безде өөрчүйт. Негизги аткарган кызматы организмдин көбөйүү процессине катышат. Ал аталык жыныс клеткасы менен биригип зигота же уруктанган клетканы пайда кылат. Зиготадан түйүлдүк өөрчүйт. Энелик клетка башка клеткалардай эле ядро, цитоплазма, мембрана жана органоиддерден турат. Бирок аткарган кызматына жараша бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ядро энелик тукум куума касиеттерди алып жүрүүчү хромосомалардын гаплоиддик жыйындысы жайгашкан. Цитоплазмада түйүлдүктүн өөрчүшүнө керектүү сары түстөгү азык заттын запасы болот. Энелик клетканын формасы шар сымал келип, бир аз кыймылдоого жөндөмдүү. Энелик безде пайда болгон энелик клетка грааф ыйлаакчасы жарылып ич көңдөйүнө түшөт. Бул процесс овуляция деп аталат. Ал жерден жатын түтүгүнүн желпүүрү менен жатын түтүгү аркылуу жатынды карай жылат. Анан жатындын түтүкчөлөрүнө түшүп акырын жыла баштап, эркектин урук клеткасы ( сперматозоид) менен кезиксе уруктануу процесси жүрөт. Энелик клетка уруктанган убакта да жетилүү процесси бүтө элек болот.
Жаш жыныс клетка (овоцит) экинчи жолу бөлүнүп ( мейоз) жетилген энелик клеткага айланат. Уруктануу бүтөр замат зиготанын тегерегинде атайын кабык пайда болуп, ал энелик клеткага ашыкча сперматозоиддердин киришине тоскоол болот.

  • Колдонулган адабият

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Other Languages
Alemannisch: Eizelle
العربية: بويضة
azərbaycanca: Yumurta (hüceyrə)
беларуская: Яйцаклетка
беларуская (тарашкевіца)‎: Заплодкавая вуза
български: Яйцеклетка
বাংলা: ডিম্বাণু
brezhoneg: Viell
bosanski: Jajna ćelija
català: Òvul
کوردی: ھێلکۆکە
čeština: Vajíčko
Deutsch: Eizelle
Ελληνικά: Ωάριο
English: Egg cell
español: Óvulo
eesti: Munarakk
euskara: Obulu
فارسی: تخمک
suomi: Munasolu
français: Ovule
Gaeilge: Ubhán
galego: Óvulo
ગુજરાતી: અંડ કોષ
עברית: ביצית
हिन्दी: डिम्ब
hrvatski: Jajna stanica
Հայերեն: Ձվաբջիջ
interlingua: Ovo
Bahasa Indonesia: Sel telur
íslenska: Eggfruma
italiano: Ovulo (gamete)
日本語: 卵細胞
Basa Jawa: Sèl endhog
한국어: 난자
lietuvių: Kiaušialąstė
latviešu: Olšūna
македонски: Јајце клетка
മലയാളം: അണ്ഡം
Bahasa Melayu: Ovum
Nederlands: Eicel
norsk nynorsk: Eggcelle
norsk: Eggcelle
occitan: Ovul
português: Óvulo
Runa Simi: Runtucha
română: Ovul
русский: Яйцеклетка
Scots: Egg cell
srpskohrvatski / српскохрватски: Jajna ćelija
Simple English: Ovum
slovenčina: Vajcová bunka
slovenščina: Jajčece
chiShona: Dowokadzi
српски / srpski: Јајна ћелија
Basa Sunda: Ovum
svenska: Äggcell
Tagalog: Ovum
татарча/tatarça: Күкәй күзәнәк
українська: Яйцеклітина
oʻzbekcha/ўзбекча: Tuxumhujayra
Tiếng Việt: Noãn
Winaray: Ovum
中文: 卵细胞
Bân-lâm-gú: Loán-sè-pau
粵語: