Электр тогу

Электр тогу -электр заряддалган бөлүкчөлөрдүн же макроскопиялык нерселердин багытталган (иреттүү) кыймылы.

Электр тогунун багыты катары шарттуу түрдө оң заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймыл багыты алынган. Эгер токту терс заряддалган бөлүкчөлөр (электрондор) түзсө, анда токтун багыты бөлүкчөлөрдүн кыймыл багытына каршы деп эсептелет. Электр тогу туруктуу жана өзгөрмөлүү болуп бөлүнөт. Туруктуу Электр тогунун багыты жана чоңдугу убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт. Өзгөрмөлүү Электр тогунун чоңдугу, багыты үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Бирдик убакыттагы (секундада) толук термелүүлөрдүн саны өзгөрмөлүү Электр тогунун жыштыгы деп аталып, ал герц менен өлчөнөт. Электр тогунун чени - ток күчү жана ток тыгыздыгы. Ток күчү - скалярдык чоңдук; ток тыгыздыгы - вектордук чоңдук.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Other Languages
Alemannisch: Elektrischer Strom
العربية: تيار كهربائي
azərbaycanca: Elektrik cərəyanı
башҡортса: Электр тогы
беларуская: Электрычны ток
беларуская (тарашкевіца)‎: Электрычны ток
нохчийн: Ток
Esperanto: Elektra kurento
Nordfriisk: Stroom
עברית: זרם חשמלי
Kreyòl ayisyen: Kouran elektrik
interlingua: Currente electric
Bahasa Indonesia: Arus listrik
Ido: Korento
íslenska: Rafstraumur
日本語: 電流
Qaraqalpaqsha: Elektr togı
қазақша: Электр тогы
한국어: 전류
lietuvių: Elektros srovė
Malagasy: Rianaratra
македонски: Електрична струја
മലയാളം: വൈദ്യുതധാര
Bahasa Melayu: Arus elektrik
မြန်မာဘာသာ: လျှပ်စီး
Nederlands: Elektrische stroom
norsk nynorsk: Elektrisk straum
ਪੰਜਾਬੀ: ਬਿਜਲਈ ਕਰੰਟ
Piemontèis: Corent elétrica
پنجابی: کرنٹ
português: Corrente elétrica
română: Curent electric
srpskohrvatski / српскохрватски: Električna struja
Simple English: Electric current
slovenščina: Električni tok
српски / srpski: Електрична струја
Basa Sunda: Arus listrik
Kiswahili: Mkondo wa umeme
ślůnski: Sztrům
татарча/tatarça: Электр агымы
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: توك ئېقىمى
українська: Електричний струм
اردو: برقی رو
oʻzbekcha/ўзбекча: Elektr toki
Tiếng Việt: Dòng điện
吴语: 电流
მარგალური: ელექტრული დენი
中文: 电流
Bân-lâm-gú: Tiān-liû
粵語: 電流