Ыйык Рим империясы

Ыйык Рим империясы (1155–1268-жж)

Ыйык Рим империясы — Рейнден чыгышка чейинки немис аймактарын, ошондой эле Түндүк жана Ортонку Италияны камтыган о. кылымдагы мамлекеттик түзүлүш (962-1806).

Империяны 962-ж. герман королу Оттон I Чыгыш-Франк королдугунун негизинде түзгөн жана Улуу Карлдын Франк империясы менен антикалык Рим империясынын түздөн-түз уландысы катары караган. Курамына Германия, Чехия, Италия жана Бургундия аймактары кирген империя Генрих Шнүн тушунда (1050) гүлдөп өнүккөн. 1034-ж. «Рим империясы», 1157-ж. «Ыйык империя», 1254-ж. «Ыйык Рим империясы», 15-кылымдан «Герман улутунун Ыйык Рим империясы» деп аталган. Герман королдору эл аралык аренада мамлекеттин позициясын күчөтүү, эгемендүүлүгүн чыңдоо саясатын жүргүзгөн. Бирок империянын императорлорунун 11-13-кылымда Рим папаларына каршы күрөшү Италиядан айрылышына (13-кылымдын 2-жарымы), император бийлигинин бошоңдошуна жана айрым герман княздыктарынын күчөшүнө алып келген. Отуз жылдык согуштан (1618-48) кийин император бийлиги алдан тайып, формалДУУ түрдө 1806-ж. чейин уланган. Наполеон аскерлери басып кирердин алдында анын акыркы императору Франц II тактан баш тарткан.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Other Languages
беларуская (тарашкевіца)‎: Сьвятая Рымская імпэрыя
Nordfriisk: Hilag Röömsk Rik
客家語/Hak-kâ-ngî: Sṳ̀n-sṳn Lò-mâ Ti-koet
interlingua: Sacre Imperio Roman
Bahasa Indonesia: Kekaisaran Romawi Suci
Lingua Franca Nova: Impero Roman Santa
Bahasa Melayu: Empayar Suci Rom
Nedersaksies: Heilige Roomse Riek
Piemontèis: Imperi Roman Sacrà
srpskohrvatski / српскохрватски: Sveto Rimsko Carstvo
Simple English: Holy Roman Empire
slovenščina: Sveto rimsko cesarstvo
татарча/tatarça: İzge Rim imperiäse
oʻzbekcha/ўзбекча: Muqaddas Rim imperiyasi
West-Vlams: Illig Rôoms Ryk