Чекилдек (Iris)

Iris versicolor.

Чекилдек (Iris) — чекилдектер тукумундагы өсүмдүк. Тамыр сабактуу, кылычтай же тасмадай жалбырактуу көп жылдык чөп. Гүлү ири желекче сымал, гүл коргону кооз. Мөмөсү 3 кырдуу, көп уруктуу кутуча. Түндүк жарым шарда 200, түрү таралган. Чекилдек эрте жазда гүлдөйт; тамыр сабагы жана уругу аркылуу көбөйөт. Кыргызстанда Чекилдектин 11 түрү Кыргыз Ала-Тоосу менен Тескей Ала-Тоодо кездешет. Ошондой эле жашылдандыруу жана кооздук үчүн өстүрүлөт.

Чекилдек — Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл советине караштуу кыштак. «Кочкор» суузунун аймагында. Каракол суусунун боюнда жайгашкан. Чекилдектер (Iridaceae) — өсумдүктөрдүн бир үлүштүүлѳр классынын тукуму. Тамыр-сабактуу, түймөк пияз-түптүү же пияз-түптүү көп жылдык чөп. Гүлдөрү 2 жыныстуу, аталыгы 3, мөмөсү — кутуча. Чекилдектердин 60 уруусунун 1400 түрү негизинен Түштүк Африка, тропик жана субтропиктик Америкада, кээде мелүүн климаттуу областтарда таралган. Кыргызстанда 3 уруунун 13 түрү бар. Чекилдектердин көбү — кооз өсүмдүк, кээ бир түрүнүн тамыр сабагы парфюмерияда, шафран татымал катары колдонулат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2
Other Languages
العربية: سوسن
azərbaycanca: Süsən
žemaitėška: Vėlkdalgīs
беларуская: Касач
български: Ирис (растение)
čeština: Kosatec
Deutsch: Schwertlilien
Ελληνικά: Ίρις (βοτανική)
English: Iris (plant)
Esperanto: Irido
español: Iris (planta)
euskara: Lirio
فارسی: زنبق
Nordfriisk: Iris
galego: Lirio
עברית: אירוס
hrvatski: Perunika
hornjoserbsce: Škleńčica
magyar: Nőszirom
Հայերեն: Հիրիկ
Ido: Irido
íslenska: Íris (blóm)
italiano: Iris (botanica)
日本語: アヤメ属
ქართული: ზამბახი
қазақша: Құртқашаш
한국어: 붓꽃속
Kurdî: Pizîlaq
lietuvių: Vilkdalgis
Nederlands: Lis (geslacht)
polski: Kosaciec
português: Iris (género)
Runa Simi: Hamachi
română: Stânjenel
srpskohrvatski / српскохрватски: Perunika
Simple English: Iris (plant)
slovenščina: Perunika
српски / srpski: Перунике
svenska: Irissläktet
тоҷикӣ: Савсан
українська: Півники
Tiếng Việt: Chi Diên vĩ
中文: 鸢尾属