Хромосомалар

Хромосомалар ( байыркы грек тилинен χρῶμα — түс жана σῶμα — дене) — клетка ядросунун тукум куума информацияны сактоого жана берүүгө жөндөмдүү болгон маанилүү составдык бөлүгү.
Хромосомалар ядронун башка бөлүктөрүнө караганда өтө ачык түсү менен айырмаланып, өзгөчө клетканын бөлүнүү учурунда ядродон жакшы көрүнөт. Хромосомалар биринчи жолу 19-кылымдын 80-жылдары ачылган.

Хромосоманын пайда болуу схемасы: 1— экн спиралдуу ДНКнын молекуласы; 2— нуклеосомалардан (гистон белокторунан жана ага оролгон эки спиралдуу ДНКнын молекуласынан түзүлгөн томолок структуралар) турган хроматин жипчелери; 3— хроматин (нуклеосома) жипчеси ийрилип, биринчи спиралды пайда кылат; 4— биринчи спираль дагы бир жолу буралып, экинчи спиралды (суперсоленоид) пайда кылат; 5— суперсоленоид бир-бири менен белоктор аркылуу байланышкан чоң илмекти пайда кылат, ар бир илмек бир генге туура келет деп болжолдонот.

Кийинчерээк хромосомалар ар бир клеткада дайыма болору жана клетканын ар кайсы жашоо стадиясында алардын сырткы көрүнүшү өзгөрүлүп турушу далилденген. Азыркы убакта хромосомалардын түзүлүшү, закон ченеми, клетканын кыйыр ( митоз) жана татаал ( мейоз) бөлүнүүсүндө, ошондой эле уруктануу убагында хромосомалардын аракети бардык тирүү организмдерде бирдей экендиги аныкталган. Хромосомалар бөлүнбөгөн клеткаларда майда же ири бүртүкчөлөрдой болот, аны хроматин дейт. Ал өзүнүн химиялык түзүлүшү боюнча дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) менен белоктун татаал кошулмасы хромосоманын негизин түзөт.

Митоз

Клетканын бөлүнүүсүндө ( митоз), айрыкча метафаза учурунда хромосомалардын морфологиялык түзүлүшүн, өлчөмүн, санын ачык ажыратууга болот. Хроматин жипчеси спиралдашып буралганга жөндөмдүү. Мындай спиралдашуу клетка бөлүнөр алдында болуп, бөлүнүүдөн пайда болгон клеткаларга хромосомалардын тең бөлүнүшүн камсыз кылат. Хромосоманын ар биринде центромера болуп, клетканын бөлүнүшүндө ал хромосомалардын кыймылын жөнгө салып турат. Центромера хромосомалардын ортосунда жайгашып, аны эки бирдей бөлүккө бөлөт, кээде анын бир четине жылып кетет.

Киши хромосомалары: а — аялдын; б — эркектин 23 жуп хромосомалары. Алардын хромосомаларынын 22 жубу окшош түзүлүштө болуп, 23-жубу менен гана айырмаланат (аялдарда — XX, эркектерде — ХҮ).
Other Languages
Afrikaans: Chromosoom
Alemannisch: Chromosom
العربية: كروموسوم
asturianu: Cromosoma
azərbaycanca: Xromosom
تۆرکجه: کوروموزوم
беларуская: Храмасома
български: Хромозома
brezhoneg: Kromozom
bosanski: Hromosom
català: Cromosoma
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Niēng-sáik-tā̤
کوردی: کرۆمۆسۆم
čeština: Chromozom
Cymraeg: Cromosom
dansk: Kromosom
Deutsch: Chromosom
Ελληνικά: Χρωμόσωμα
English: Chromosome
Esperanto: Kromosomo
español: Cromosoma
eesti: Kromosoom
euskara: Kromosoma
فارسی: کروموزوم
suomi: Kromosomi
français: Chromosome
Nordfriisk: Kromosoom
Frysk: Gromosoom
Gaeilge: Crómasóm
galego: Cromosoma
客家語/Hak-kâ-ngî: Ngiam-set-thí
עברית: כרומוזום
हिन्दी: गुण सूत्र
hrvatski: Kromosomi
Kreyòl ayisyen: Kwomozòm
magyar: Kromoszóma
Հայերեն: Քրոմոսոմ
Bahasa Indonesia: Kromosom
íslenska: Litningur
italiano: Cromosoma
日本語: 染色体
Basa Jawa: Kromosom
ქართული: ქრომოსომა
한국어: 염색체
Kurdî: Kromozom
Latina: Chromosoma
lumbaart: Cromusoma
lietuvių: Chromosoma
latviešu: Hromosoma
олык марий: Хромосом
македонски: Хромозом
монгол: Хромосом
मराठी: गुणसूत्र
Bahasa Melayu: Kromosom
မြန်မာဘာသာ: ခရိုမိုဆုမ်း
नेपाली: गुणसूत्र
Nederlands: Chromosoom
norsk nynorsk: Kromosom
norsk: Kromosom
occitan: Cromosòma
ਪੰਜਾਬੀ: ਗੁਣਸੂਤਰ
polski: Chromosom
پنجابی: کروموسوم
português: Cromossomo
română: Cromozom
русский: Хромосома
Scots: Chromosome
srpskohrvatski / српскохрватски: Kromosom
Simple English: Chromosome
slovenčina: Chromozóm
slovenščina: Kromosom
shqip: Kromozomi
српски / srpski: Хромозом
Basa Sunda: Kromosom
svenska: Kromosom
Kiswahili: Chembeuzi
తెలుగు: వారసవాహిక
тоҷикӣ: Хромосома
Tagalog: Kulaylawas
Türkçe: Kromozom
татарча/tatarça: Хромосома
українська: Хромосома
oʻzbekcha/ўзбекча: Xromosomalar
Tiếng Việt: Nhiễm sắc thể
Winaray: Kromosoma
isiXhosa: I-chromosome
ייִדיש: כראמאזאם
Yorùbá: Krómósómù
中文: 染色体
Bân-lâm-gú: Jiám-sek-thé
粵語: 染色體