Төңкөрүш

Төңкөрүш (латын- revolutio – бурулуш, кубулуу, кайрылуу) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең, түп-тамырынан, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн эволюция жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган реформадан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-жылы Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-жылы Англиядагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден капитализмге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден социализмге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, Кытайдагы 1911-жылы Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.

  • Адабият

Адабият

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Other Languages
Afrikaans: Rewolusie
Alemannisch: Revolution
العربية: ثورة
مصرى: ثوره
asturianu: Revolución
azərbaycanca: İnqilab
беларуская: Рэвалюцыя
беларуская (тарашкевіца)‎: Рэвалюцыя
български: Революция
বাংলা: বিপ্লব
bosanski: Revolucija
буряад: Хубисхал
català: Revolució
کوردی: شۆڕش
čeština: Revoluce
Cymraeg: Chwyldro
Deutsch: Revolution
Zazaki: Revolusyon
Ελληνικά: Επανάσταση
English: Revolution
Esperanto: Revolucio
español: Revolución
euskara: Iraultza
فارسی: انقلاب
français: Révolution
Frysk: Revolúsje
Gaeilge: Réabhlóid
Gàidhlig: Rèabhlaid
galego: Revolución
עברית: מהפכה
हिन्दी: क्रान्ति
hrvatski: Revolucija
magyar: Forradalom
Bahasa Indonesia: Revolusi
íslenska: Bylting
italiano: Rivoluzione
日本語: 革命
la .lojban.: sutra binxo
Basa Jawa: Révolusi
ქართული: რევოლუცია
한국어: 혁명
къарачай-малкъар: Революция
Latina: Res novae
Lëtzebuergesch: Politesch Revolutioun
lietuvių: Revoliucija
latviešu: Revolūcija
олык марий: Революций
македонски: Револуција
മലയാളം: വിപ്ലവം
Bahasa Melayu: Revolusi
မြန်မာဘာသာ: တော်လှန်ရေး
नेपाली: क्रान्ति
Nederlands: Revolutie
norsk nynorsk: Revolusjon
norsk: Revolusjon
occitan: Revolucion
ਪੰਜਾਬੀ: ਇਨਕਲਾਬ
polski: Rewolucja
پښتو: اوښتون
português: Revolução
Runa Simi: Pachakutiy
română: Revoluție
русский: Революция
русиньскый: Револуция
саха тыла: Өрөбөлүүссүйэ
Scots: Revolution
srpskohrvatski / српскохрватски: Revolucija
Simple English: Revolution
slovenčina: Revolúcia
slovenščina: Revolucija
српски / srpski: Револуција
svenska: Revolution
Kiswahili: Mapinduzi
தமிழ்: புரட்சி
తెలుగు: విప్లవం
Tagalog: Himagsikan
Türkçe: Devrim
татарча/tatarça: Инкыйлаб
тыва дыл: Революция
українська: Революція
اردو: انقلاب
oʻzbekcha/ўзбекча: Inqilob
vèneto: Rivołusion
Tiếng Việt: Cách mạng
walon: Revintreye
吴语: 革命
ייִדיש: רעוואלוציע
中文: 革命
文言: 革命
Bân-lâm-gú: Kek-bēng
粵語: 革命