Темперамент

Темпераменттин 4 түрү: (Солдон оңго үстүнкү жана астынкы: флегматик, холерик, Оңдон солго үстүнкү жана астынкы сүрөттөр:сангвиник,жана меланхоликтер)


Темперамент (латын сөзүнөн tempera-mentum – бөлүктөрдүн тиешелүү катышы) – Адамдын психикасын мүнөздөгөн жеке өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы. Темперамент сезимдин күчүнө жараша терең же үстүртөн, анын өтүү ылдамдыгына, туруктуулугуна же тез алмашуусуна карата билинип-көрүнөт; ошондой эле мүнөздө темпераменттин дивиддин кыймыл-аракетинин өзгөчөлүгүнө жараша да болуп өтөт. Темпераменттин негизинде жогорку нерв иш-аракетинин типтери жатат.Темпераменттин 4 түрү бар:

  • Күчтүү, оор басырыктуу, сергек типтеги темпераменттер “сангвиниктик” темпераментке туура келет;
  • Ошондой эле күчтүү, оор басырыктуу, бирок аз кыймылдуу нерв аракет типтери – “флегматикалык” темпераентке;
  • Күчтүү, токтоно албаган тип – “холериктик” темпераментке туура келет, мында көңүл чукул алмашылып, эмоциялык козголуулар, буулукма кыймылдар болот.
  • Күчү аз, алсыз тип-“меланхоликтик” темперамент, мында сыртынан аз билинген, акырындык менен келип чыккан, терең жана далайга созулган сезимдер өкүм сүрөт.

Темперамент тубаса касиети бар нерв системасы менен эле эмес, турмуш жана иш-аракет шарттары менен да шартташкан. Темперамент индивиддин өмүр жолунда өзгөрүлбөс болуп калбайт. Түрдүү темпераменттер инсандын бардык коомдук зарыл сапаттарынын, касиеттеринин өнүгүүсүнө тоскоол болбойт, бирок, ар бир темперамент өзүнүн калыптануусунда өзгөчө жолду жана ыкма, арганы талап кылат. Темперамент адам мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бир өбөлгөсүн түзөт.


  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Other Languages
العربية: مزاج
asturianu: Temperamentu
azərbaycanca: Temperament
Boarisch: Temperament
български: Темперамент
català: Temperament
čeština: Temperament
Deutsch: Temperament
English: Temperament
Esperanto: Temperamento
español: Temperamento
galego: Temperamento
עברית: מזג
hrvatski: Temperament
Հայերեն: Խառնվածք
Bahasa Indonesia: Temperamen
日本語: 気質
қазақша: Қызуқандылық
македонски: Темперамент
Bahasa Melayu: Perangai
Nederlands: Temperament
polski: Temperament
română: Temperament
русский: Темперамент
русиньскый: Темперамент
Simple English: Temperament
slovenčina: Temperament
српски / srpski: Темперамент
svenska: Temperament
Türkçe: Huy
татарча/tatarça: Темперамент
українська: Темперамент
اردو: مزاج (طب)
Bân-lâm-gú: Khì-chit