Сымап

Сымап.

Сымап (латын тилинен Hydrargyrum, Hg) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIВ группа элементи, к.н. 80, ат. м. 200,59. Табыгый С. массалык сандары 196Hg, 198Hg, 199Hg, 200Hg, 201Hg, 202Hg, 204Hg болгон жети туруктуу изотоп аралашмасынан турат жана алардын ичинен кеңири тараганы 202Hg (29,8 %). С. жер кыртышынын (массасы б-ча) 8×10-6 % түзүп, башка элементтер арасында араң гана 66-орунда тургандыктан ал чачыранды элементтер катарына кирет. С. маанилүү минералы - киноварь – HgS. Ири кендери Россияда (Донбасс, Сибирь) жана Орто Азияда, Кыргызстанда Айдаркен аймагында табылган. С. сууда, абада, өсүмдүк жана жаныбар денесинде, таш көмүрдө, нефтиде, жаратылыш газынын курамында ар түрдүү санда кездешет. 1759-ж. Браун кар менен азот кислотасынын аралашмасынын жардамында С. тоңдуруп, ал көгүш-күмүш түстөгү металл экендигин, созулгучтугун, чоюлгучтугун, көп түрдүү формага айланууга жөндөмдүү экендигин аныктагын. Эгерде С. суюк азотко же катуу көмүр кычкыл газы менен эфир аралашмасында тоңдуруп балка жасаса тактайга мык кагууга жарай тургандыгы аныкталган. С. тыгызд. 13,46 г/см3. Темп-ранын жогорулашы менен анын тыгызд. төмөндөйт. Мисалы: 20оСде 13,46 г/см3 болсо, 1300оСде 7,8 г/см3, ал эми 39,9оСде 14,193 г/см3 болот. Жылуулукту жана электр тогун күмүшкө салыштырмалуу 50 эсе начар өткөрөт. Ысытууда байкалаарлык кеңейгенден темп-раны өлчөө үчүн термометрлерде колдонулат. С. үч агрегаттык суюк, катуу жана газ абалда боло алат. Темп-ра жогорулаган сайын С. бууланышы күчөйт. Газ түрүндөгү сымап жытсыз, түссүз келип организм үчүн өтө зыяндуу. С. газ түрүнө айланышынын негизинде меркурнализм оорусу пайда болот. С. көп металлды эритүүгө жөндөмдүү, мисалы 18-250С. индий жана таллий 40 % жогорку санда эрийт. Жаратылышта С. алтын, күмүш жана палладий менен суюк же катуу амальгама түрүндө кездешет, мисалы, Ag12Hg (13,4 % Hg), Ag32Hg-Ag36 же Ag2Hg3 ; Au-Hg; Pd-Hg. Кээде амальгаманын курамындагы алтын менен палладий саны 34-44,4 % чейин жетет. Ошондуктан жаратылыштагы амальгама баалуу металлдар алууда негизги сырье болуп эсептелет. Электрохимия өнүгүшү менен С. катод катарында колдонулушу натыйжасында электролиз ыкмасы менен көп металлдар (Mg, Ca, Sr, Al, Zn, Na, Ra, Ti, Zr, U), ошондой эле өтө эле таза металлдар (тазалыгы 99,999999 % чейин) алууга жетишилди. С. бирикмелеринде II валенттүүлүктү эле эмес шарттуу түрдө I валенттүлүктү да көрсөтөт. Кычкылтек менен сымап ( I) оксиди – Hg2O, сымап (II) оксиди - HgO жана пероксидди - HgO2 берет. Алардын ичинен биринчиси туруктуу келип, эки формада (кызыл жана сары түстөгү) болот. Галогендер менен аракетенет. Бирок С (I). хлордун–Hg2Cl2 (каломель) жана С. (II) хлордун HgCl2 (сулема) кыйыр ыкма менен алынат. Каломель электродун даярдоодо пайдаланылат. Сулема өтө күчтүү уулуу зат болгондуктан эритме түрүндө айыл чарба өсүмдүктөр уруктарын дарылоо жана дезинфекциялоо каражат катары колдонулат. Каломель сулемадан айырмаланып уулуу эмес. С. металлдар чыңалуу катарында суутектен кийин жайгашкандыктан, суутекти к-талардан сүрүп чыгара албайт, конц. азот жана күкүрт к-тасында эрийт.

Hg + 2 H2SO4 = HgSO4 + SO2 + 2H2O 6 Hg + 8HNO3 = 3 Hg2(NO3)2 + 2NO + 4H2O же Hg + 4HNO3 = Hg(NO3)2 +2NO2 + 2H2 O С.табигый бирикмелеринен өзүнөн активдүү металлдар менен калыбына келтирүү менен бөлүнүп алынат. Мындан алынган сырье бир нече жолу буулантуу менен тазаланат:

HgS + Fe = FeS + Hg

Республикадагы Аайдаркен С. комбинатынын продукциясы тазалыгы боюнча дүйнөлүк эталон болуп саналат. Көптөгөн км созулган атм. аба басым мамычасынын бийиктиги бар болгону 760 мм болгон С. мамычасы менен теңөөгө болот. Ушул касиетине негизделип көптөгөн приборлор (барометр, ареометр ж.б.) жасалат. С. чоң термиялык кеңейүү коэффициенти аны түрдүү термометрлерде колдонууга мүмкүндүк берет.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Kwik
አማርኛ: ባዜቃ
العربية: زئبق
مصرى: زيبق
azərbaycanca: Civə
Bikol Central: Asugi
беларуская: Ртуць
беларуская (тарашкевіца)‎: Ртуць
български: Живак
भोजपुरी: पारा
বাংলা: পারদ (মৌল)
བོད་ཡིག: མེར་ཁུ་རི།
brezhoneg: Bevargant
bosanski: Živa
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Cūi-ngṳ̀ng
کوردی: جیوە
čeština: Rtuť
Чӑвашла: Чĕркĕмĕл
dansk: Kviksølv
Deutsch: Quecksilber
Ελληνικά: Υδράργυρος
emiliàn e rumagnòl: Mercùri
Esperanto: Hidrargo
eesti: Elavhõbe
فارسی: جیوه
suomi: Elohopea
føroyskt: Kyksilvur
français: Mercure (chimie)
Avañe'ẽ: Kuarepotimembe
ગુજરાતી: પારો
Gaelg: Mercur
客家語/Hak-kâ-ngî: Súi-ngiùn
עברית: כספית
हिन्दी: पारा
Fiji Hindi: Mercury (element)
hrvatski: Živa
Kreyòl ayisyen: Mèki (eleman chimik)
magyar: Higany
հայերեն: Սնդիկ
interlingua: Mercurio (elemento)
Bahasa Indonesia: Raksa
íslenska: Kvikasilfur
日本語: 水銀
la .lojban.: margu
Kabɩyɛ: Mɛrɩkɩrɩ
Gĩkũyũ: Mercury
қазақша: Сынап
ಕನ್ನಡ: ಪಾದರಸ
한국어: 수은
Перем Коми: Ртуть
kurdî: Zîbeq
коми: Тюрк
Latina: Hydrargyrum
Lëtzebuergesch: Quecksëlwer
Limburgs: Kwik
lietuvių: Gyvsidabris
latviešu: Dzīvsudrabs
олык марий: Майдар
Māori: Konuoi
македонски: Жива
മലയാളം: രസം (മൂലകം)
монгол: Мөнгөн ус
मराठी: पारा
кырык мары: Ртуть
Bahasa Melayu: Raksa
မြန်မာဘာသာ: မာကျူရီ (ဒြပ်စင်)
эрзянь: Эрексия
مازِرونی: جیوه
Nāhuatl: Yōliamochitl
Plattdüütsch: Quecksülver
नेपाली: पारो
नेपाल भाषा: पारो
Nederlands: Kwik
norsk nynorsk: Kvikksølv
norsk: Kvikksølv
Diné bizaad: Béésh tózháanii
Livvinkarjala: Artugu
ଓଡ଼ିଆ: ପାରଦ
Ирон: Джынасу
ਪੰਜਾਬੀ: ਪਾਰਾ
Kapampangan: Asugi
polski: Rtęć
Piemontèis: Mercuri (element)
پنجابی: پارہ
پښتو: پاره
Runa Simi: Yaku qullqi
armãneashti: Ghearyiru
русский: Ртуть
संस्कृतम्: पारदः
davvisámegiella: Eallisilba
srpskohrvatski / српскохрватски: Živa
සිංහල: රසදිය
Simple English: Mercury (element)
slovenčina: Ortuť
slovenščina: Živo srebro
Soomaaliga: Meerkuri
shqip: Merkuri
српски / srpski: Жива
Seeltersk: Kwäksäälwer
Basa Sunda: Cai raksa
svenska: Kvicksilver
Kiswahili: Zebaki
ślůnski: Żywe strzybło
தமிழ்: பாதரசம்
తెలుగు: పాదరసము
ไทย: ปรอท
Tagalog: Asoge
Türkçe: Cıva
татарча/tatarça: Терекөмеш
українська: Ртуть
اردو: پارہ
oʻzbekcha/ўзбекча: Simob
vepsän kel’: Artut'
Tiếng Việt: Thủy ngân
Winaray: Asoge
吴语:
хальмг: Мөңгүсан
isiXhosa: I-Mercury
Yorùbá: Fàdákàolómi
Vahcuengh: Raemxngaenz
中文:
文言:
Bân-lâm-gú: Chúi-gîn
粵語: 水銀