Славян тилдери

Славян тилдери - көбүнчө Европа менен Азиянын аймагында жашаган славяндардын тили.

Үч топко бөлүнөт: чыгыш славян (орус, украин, белорус тилдери), түштүк славян (болгар, серб-хорват, македон, словен тил дери), батыш славян (чех, словак, поляк ж. б.). Славян тилдери инди-европа тил уясына кирет.

Алардын индиевропа тилдери менен жакындыгы сөздүк составдан, морфемалардан, сүйлөм курулушунан даана байкалат. Кээ бир доорлордо славян тилдери иран, герман тилдери менен, кыйла даражада угор-финн жана түрк тилдери менен байланышта өнүккөн. Инди-европа тил биримдиги жоюлган соң славяндар уруулук бир тилде сүйлөгөн өзүнчө этностук бирдик катары жашаган.

Славяндардын бул мезгилдеги тили илимде жалпы славян же праславян тили деген наам менен белгилүү. Жалпы славян тилинин тарыхы кээ бир славян тилдеринин тарыхына салыштырганда кыйла эле узак болгон: миңдеген жылдар бою, б. а. уруулук коом мезгилинде жалпы славян тили славяндардын бирдиктүү тили болгон, ал эми анын диалектилик өзгөчөлүктөрү кийинки миң жылдыкта (б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы - б. з. 1-миң жылдыгынын башы) гана пайда боло баштаган.

Уруучулук түзүлүш кыйрап, феодалдык мамилелердин өөрчүпгү өз-өзүнчө өнүккөн славян тилдери калыптанышына алып келген. Славян тилдерин адеп адабий жактан иштеп чыгуу маселеси 19-кылымдын орто ченинде ишке ашкан. Славян тилдеринин жазуусу 863-жылы түзүлгөн (к. Глаголица, Кириллица).

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
Other Languages
Afrikaans: Slawiese tale
Alemannisch: Slawische Sprachen
aragonés: Luengas eslavas
العربية: لغات سلافية
azərbaycanca: Slavyan dilləri
башҡортса: Славян телдәр
žemaitėška: Slavu kalbas
беларуская: Славянскія мовы
беларуская (тарашкевіца)‎: Славянскія мовы
български: Славянски езици
brezhoneg: Yezhoù slavek
qırımtatarca: Slavân tilleri
словѣньскъ / ⰔⰎⰑⰂⰡⰐⰠⰔⰍⰟ: Словѣньсци ѩꙁꙑци
dolnoserbski: Słowjańske rěcy
Esperanto: Slava lingvaro
español: Lenguas eslavas
føroyskt: Slavisk mál
français: Langues slaves
Nordfriisk: Slaawisk spriaken
客家語/Hak-kâ-ngî: Slav Ngî-chhu̍k
hornjoserbsce: Słowjanske rěče
interlingua: Linguas slave
Bahasa Indonesia: Rumpun bahasa Slavia
italiano: Lingue slave
日本語: スラヴ語派
한국어: 슬라브어파
kernowek: Yethow Slavek
Lëtzebuergesch: Slawesch Sproochen
Lingua Franca Nova: Linguas slavica
Limburgs: Slavische taole
lumbaart: Lengov slav
lietuvių: Slavų kalbos
latviešu: Slāvu valodas
македонски: Словенски јазици
Bahasa Melayu: Bahasa Slavik
مازِرونی: اسلاوی زوونون
Nederlands: Slavische talen
norsk nynorsk: Slaviske språk
Nouormand: Langue Slave
Piemontèis: Lenghe slave
português: Línguas eslavas
Runa Simi: Islaw rimaykuna
română: Limbi slave
русиньскый: Славяньскы языкы
srpskohrvatski / српскохрватски: Slavenski jezici
Simple English: Slavic languages
slovenčina: Slovanské jazyky
slovenščina: Slovanski jeziki
српски / srpski: Словенски језици
Türkçe: Slav dilleri
українська: Слов'янські мови
oʻzbekcha/ўзбекча: Slavyan tillari
vepsän kel’: Slavižed keled
Tiếng Việt: Ngữ tộc Slav
West-Vlams: Slaviesche toaln
Volapük: Püks slavik
Bân-lâm-gú: Slav giân-gú