Панама каналы

Панама каналы – Борбордук Америкадагы жасалма суу жолу, Панаманын аймагында. Панама мойногунун эң жапыз жерин кесип өтүп, Атлантика океанын Тынч океан менен туташтырат. Эл аралык маанидеги негизги суу жолдорунун бири. Узундугу 81,6 км, анын ичинде 65,2 км кургактык, 16,4 кми Кариб деңизинин Лимон бухтасы, Панама булуңу аркылуу өтөт. Туурасы 150-305 м орточо терендиги 12,8 м; 12 шлюзу, 2 жасалма көлү бар. Каналдан кемелер орто эсеп менен 9 саатта, эң тези 4 саат 10 минда өтөт. Бир суткада 36-48, жылына 14 миң кеме өтүп, жүк ташуунун көлөмү 150 млн тдан ашат. Атлантика океанына чыга бериште Кристобаль жана Колон, Тынч океан жагында Бальбоа, Панама порттору жайгашкан. Панама каналын куруу идеясы 16-кылымдын башында пайда болуп, ал кийин гана ишке ашкан. 1846-ж. АКШ Колумбияга (анда Жаңы Гранада аталып, курамына Панама да кирген) Панама мойногу аркылуу жүктү бажы акысысыз өткөрүү жөнүндө келишимди тануулаган. Буга айрыкча АКШ, Улуу Британия жана Франция кызыктар болуп, ич ара атаандашуу жүргөн. Испан-Америка согушунан (1898) кийин канал куруу укугуна АКШ менен Улуу Британия ээ болгон. Бирок АКШ Панамадагы улуттук-боштондук кыймылдан пайдаланып, 1903-ж. Панаманын Колумбиядан бөлүнүүсүнө көмөк көрсөткөнү үчүн Панама зонасын алган. 1904-ж. АКШ Панама каналын курууну баштап, 1920-ж. 12-июнда аяктаган. 1943-ж. Панамада өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көчмө отурумунда Панама каналы боюнча 1903-ж. түзүлгөн адилетсиз чечим кайра каралып, жаңы декларация кабыл алынган. Анын жыйынтыгы боюнча Панама каналы 1999-жылдын 31-декабрынан Панамага өткөн.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Panamakanaal
Alemannisch: Panamakanal
aragonés: Canal de Panamá
العربية: قناة بنما
অসমীয়া: পানামা খাল
asturianu: Canal de Panamá
azərbaycanca: Panama kanalı
башҡортса: Панама каналы
Boarisch: Panamakanal
žemaitėška: Panamas kanals
беларуская: Панамскі канал
беларуская (тарашкевіца)‎: Панамскі канал
български: Панамски канал
भोजपुरी: पनामा नहर
brezhoneg: Kanol Panamá
bosanski: Panamski kanal
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Panama Ông-ò̤
Cymraeg: Camlas Panama
Deutsch: Panamakanal
ދިވެހިބަސް: ޕެނަމާ ކެނަލް
Ελληνικά: Διώρυγα Παναμά
English: Panama Canal
Esperanto: Panama kanalo
føroyskt: Panamaveitin
français: Canal de Panama
客家語/Hak-kâ-ngî: Panama Yun-hò
עברית: תעלת פנמה
हिन्दी: पनामा नहर
Fiji Hindi: Panama Canal
hrvatski: Panamski kanal
interlingua: Canal de Panama
Bahasa Indonesia: Terusan Panama
Ilokano: Kanal Panama
日本語: パナマ運河
Basa Jawa: Terusan Panama
ქართული: პანამის არხი
한국어: 파나마 운하
къарачай-малкъар: Панама илипин
Lëtzebuergesch: Panamakanal
Limburgs: Panamaknaal
lumbaart: Canal de Panama
lietuvių: Panamos kanalas
latviešu: Panamas kanāls
олык марий: Панама канал
Baso Minangkabau: Tarusan Panama
македонски: Панамски Канал
മലയാളം: പനാമ കനാൽ
Bahasa Melayu: Terusan Panama
नेपाली: पानामा नहर
नेपाल भाषा: पनामा नहर
Nederlands: Panamakanaal
norsk nynorsk: Panamakanalen
ਪੰਜਾਬੀ: ਪਨਾਮਾ ਨਹਿਰ
Piemontèis: Canal ëd Panamà
پنجابی: نہر پانامہ
português: Canal do Panamá
română: Canalul Panama
tarandíne: Canale de Panama
русиньскый: Панамскый канал
srpskohrvatski / српскохрватски: Panamski kanal
Simple English: Panama Canal
slovenčina: Panamský prieplav
slovenščina: Panamski prekop
Soomaaliga: Kanaalka Banama
српски / srpski: Панамски канал
Seeltersk: Panamakanoal
svenska: Panamakanalen
Türkmençe: Panama kanaly
Türkçe: Panama Kanalı
татарча/tatarça: Panama kanalı
українська: Панамський канал
oʻzbekcha/ўзбекча: Panama kanali
vepsän kel’: Panaman kanal
Tiếng Việt: Kênh đào Panama
Yorùbá: Ìladò Panamá
Zeêuws: Panamakanaol
Bân-lâm-gú: Panama Ūn-hô