Палеоген мезгили

Moeritherium sp.

Палеоген мезгили, палеоген (палео... жана ...ген) - Жердин геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы кайнозой заманынын баштапкы учуру; кайнозой тобунун неогенден мурда пайда болгон байыркы тоо тек катмарлары. Радиометриялык ыкманын негизинде 65 млн жыл мурда башталып, 42 млн жылча созулганы аныкталган. 1866-ж. немец геологу К. Науман өз алдынча геологиялык системага бөлүп «Палеоген мезгили» деп атоону сунуштаган. 1881-ж. 2-эл аралык геологиялык конгрессте Палеоген мезгили үчүнчүлүк мезгил деп бекитилген. Палеоген мезгилиде пайда болгон тоо тек катмарлары жалпысынан палеоцен (2 бөлүмчөсү менен), эоцен (3), олигоцен (2) деген үч бөлүмгө ажыратылып, ярус жана зоналарга бөлүнөт.Палеоген мезгилинде тектоникалык ири кыймылдар жүрүп, альп бүктөлүү структуралары түзүлө баштаган.Мындай бүктөлүүлөрдөн Жер бетинин айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, азыркы Пиреней, Альп, Анд, Карпат, Крым, Кавказ, Копетдаг, Кордильера, Памир, Атлас, Гималай тоо түзүлүштөрүнүн негизги тоо кыркалары көтөрүлө баштаган. Эоцендин аягында максималдуу трангрессия процесси айрыкча Түндүк жарым шардын көптөгөн жеринде ургаалдуу жүргөн. Олигоцендин башталышында тектон. кыймылдар жүрүп, деңиздер тартылып, геосинклиналь бассейндеринде флиш жана деңиз молассалары пайда болгон. Жер Ортолук деңиздин алабында Палеоген мезгилинде мүнөздүү нуммулит жана лепидоциклин акиташтары топтолгон. Платформаларда карбонат ылайлары, глауконит жана кварц кумдары, отюка, трепел, спонголит жана кызыл түстүү чополор катмарланган. Кен байлыктардан негизинен күрөң көмүр, нефть, газ, фосфорит, боксит, калий тузу, диатомит, оолиттүү темир, марганец кенташтары пайда болгон. Чөкмө тек катмарларын коррелациялоодо дениз организмдеринин калдыктарынын (фораминифер, наннопланктон, радиоларин, диатомит) мааниси зор. Палеоген мезгилиндеги жаныбарлар бор мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Мезгилдин башталышында сойлоочулардын көпчүлүгү (динозаврлар, учуучу кескелдириктер жана дениз кескелдириктери – ихтиозаврлар, плиозаврлар, моллюскалардан – аммониттер менен белемниттер ж. б.) кырылып, амфибиялардын азыркы доорго мүнөздүү топтору жашаган. Палеоген мезгилинин башында сүт эмүүчүлөр кеңири таралып, палеоценде алардын жөнөкөй формалары, эоценде курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар, туяктуулар, кит сымалдар, кемирүүчүлөр, приматтар ж. б. пайда болгон. Сойлоочулардын көбү кырылып, амфибиялар, сөөктүү балыктар жашаган. Өсүмдүктөрдөн жыланач жана жабык уруктуулар (папоротниктер, ийне жалбырактуулар, балырлар, плаундар ж. б.) басымдуулук кылган. Өсүмдүктөрдүн азыркы түрлөрү эоцендин орто ченинде пайда болуп, олигоценде кенири өөрчүй баштаган. Палеоген мезгилинин климатынын өзгөрүлүшү (узакка созулган жылуу жана суук мезгилдердин алмашып турушу) палеогеограф. изилдөөлөрдүн натыйжасында далилденген. Түштүк Кыргызстандын аймагында Палеоген мезгилинин катмарлары Фергана өрөөнүндө жана аны курчап жаткан тоолор менен адырларда кенири тараган. Too тектер тайыз деңиз чөкмөлөрүнөн (гипс, чопо, алевролит, кумдук, аки таш, мергель ж. б.) турат да, деңиз фауналарынын калдыктарына өтө бай. Түндүк Кыргызстанда Палеоген мезгили континенттик шарттар менен мүнөздөлөт. Палеоген мезгилинин тоо тек катмарларында күрөн көмүр, нефть менен газ, битумдуу сланец, янтарь, фосфорит, марганец, темир, боксит, диатомит, калий тузу ж. б. кендер бар.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Paleogeen
Alemannisch: Paläogen
العربية: باليوجين
asturianu: Paleóxenu
azərbaycanca: Paleogen
беларуская (тарашкевіца)‎: Палеаген
български: Палеоген
brezhoneg: Paleogenel
català: Paleogen
čeština: Paleogén
Cymraeg: Paleogen
dansk: Palæogen
Deutsch: Paläogen
English: Paleogene
Esperanto: Paleogeno
español: Paleógeno
eesti: Paleogeen
euskara: Paleogeno
فارسی: پالئوژن
français: Paléogène
galego: Paleóxeno
עברית: פלאוגן
hrvatski: Paleogen
magyar: Paleogén
հայերեն: Պալեոգեն
Bahasa Indonesia: Paleogen
italiano: Paleogene
日本語: 古第三紀
한국어: 고제3기
Lëtzebuergesch: Paleogen
lietuvių: Paleogenas
latviešu: Paleogēns
മലയാളം: പാലിയോജീൻ
Bahasa Melayu: Paleogen
Plattdüütsch: Paläogen
Nederlands: Paleogeen
norsk nynorsk: Paleogen
norsk: Paleogen
occitan: Paleogèn
polski: Paleogen
Piemontèis: Paleocen
پنجابی: پیلیوجین
português: Paleogeno
română: Paleogen
саха тыла: Палеоген
Scots: Palaeogene
srpskohrvatski / српскохрватски: Paleogen
Simple English: Palaeogene
slovenčina: Paleogén
slovenščina: Paleogen
српски / srpski: Paleogen
svenska: Paleogen
Tagalog: Paleohene
Türkçe: Paleojen
українська: Палеоген
oʻzbekcha/ўзбекча: Paleogen sistemasi
Tiếng Việt: Kỷ Paleogen
中文: 古近纪
Bân-lâm-gú: Kó͘-chiâⁿ-kí
粵語: 古近紀