Николай II

Николай II.

Николай II, Николай Александрович Романов [6(18). 5. 1868, Царское Село, азыркы Пушкин ш. – 17. 7. 1918, Екатеринбург] – Россиянын акыркы императору [21. 10(2. 11). 1894 – 2(15). 3. 1917], Александр IIIнүн уулу. 1894-жылы Николай II гессен-дармштадт улуу герцогдун кызы – Алисага (Александра Фёдоровна) үйлөнгөн. Николай IIнин төрт кызы жана уулу – Алексей (1904) болгон. Мамлекеттик иш үчүн кем акылдык кылган, көшөрүп айтканын бербегендиги жана эрки жоктугу менен айырмаланган. Кийин мамлекеттик маселелердин көбүн ханыша чечип, Г. Е. Распутин сыяктуу авантюристтердин таасиринде калган. Ак сөөктөрдүн бийлигин чыңдоо үчүн оокаттуу дыйкандарга таянууга (к. Столыпиндин агрардык реформасы), Мамлекеттикдуманы түзүүгө (1906) аракеттенген. Николай IIнин мезгилинде революция чыл кыймыл күчөп, ал ага каршы армияны, полицияны, сотту, «полициялык социализм» чараларын пайдаланган, агрессиячыл тышкы саясатты активдештирген [к. Орус-япон согушу (1904–05)]. Петербург жумушчуларынын тынчтык жүрүшүн аткандыгы үчүн [к. Тогузунчу январь (1905)] «Канкор Николай» атка конгон. 1917-жылыФевраль революция сында 2(15)-мартта тактан баш тарткан, 8(21)-март Николай II үй-бүлөсү менен Александровск хан сарайында (Царское Село) камакка алынып, адегенде Тобольскиге, Октябрь революция сынын жеңишинен кийин Екатеринбургга айдалган. Урал Облусттук советинин токтому боюнча атылган.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
asturianu: Nicolás II
azərbaycanca: II Nikolay
беларуская (тарашкевіца)‎: Мікалай II
български: Николай II (Русия)
brezhoneg: Nikolaz II Rusia
Чӑвашла: Николай II
eesti: Nikolai II
suomi: Nikolai II
français: Nicolas II
հայերեն: Նիկոլայ II
Bahasa Indonesia: Nikolai II dari Rusia
íslenska: Nikulás 2.
日本語: ニコライ2世
қазақша: II Николай
lietuvių: Nikolajus II
македонски: Николај II (Русија)
монгол: II Николай
Bahasa Melayu: Nikolai II dari Rusia
norsk nynorsk: Nikolaj II av Russland
occitan: Nicolau II
پنجابی: نکولس II
русский: Николай II
srpskohrvatski / српскохрватски: Nikola II., ruski car
Simple English: Nicholas II of Russia
slovenščina: Nikolaj II. Ruski
shqip: Nikolla II
Türkçe: II. Nikolay
татарча/tatarça: Николай II
oʻzbekcha/ўзбекча: Nikolay II
Tiếng Việt: Nikolai II của Nga
Bân-lâm-gú: Nikolaj 2-sè