Мультимедиа

Мультимедиа (Multimedia) – экранда маалыматты (текстти жана графиканы) үн жана кыймыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан баскычтоп же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү мультимедиа колдонмолору интерактивдүү мультимедиа болуп эсептелет. Интерактивдүүлүгү жогору мультимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк М. колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. Мультимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. Мультимедиада тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мультимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат. Мультимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, видеону, анимацияны жана аудиону интеграциялаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интернетке кызыгууларды күчөттү.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
العربية: وسائط متعددة
asturianu: Multimedia
azərbaycanca: Multimedia
беларуская: Мультымедыя
български: Мултимедия
bosanski: Multimedija
català: Multimèdia
čeština: Multimédia
dansk: Multimedia
Deutsch: Multimedia
Ελληνικά: Πολυμέσα
English: Multimedia
Esperanto: Plurmedio
español: Multimedia
euskara: Multimedia
suomi: Multimedia
français: Multimédia
Gaeilge: Ilmheáin
galego: Multimedia
עברית: מולטימדיה
hrvatski: Multimedija
magyar: Multimédia
հայերեն: Մուլտիմեդիա
Bahasa Indonesia: Multimedia
íslenska: Margmiðlun
italiano: Multimedialità
ქართული: მულტიმედია
қазақша: Мультимедиа
한국어: 멀티미디어
latviešu: Multivides
олык марий: Мультимедий
македонски: Мултимедија
Bahasa Melayu: Multimedia
Nederlands: Multimedia
norsk nynorsk: Multimedia
norsk: Multimedia
ਪੰਜਾਬੀ: ਮਲਟੀਮੀਡੀਆ
polski: Multimedia
پښتو: گڼرسنۍ
português: Multimédia
română: Multimedia
русский: Мультимедиа
Scots: Multimedia
srpskohrvatski / српскохрватски: Multimedija
Simple English: Multimedia
slovenčina: Multimédiá
slovenščina: Večpredstavnost
shqip: Multimedia
српски / srpski: Мултимедија
svenska: Multimedia
Türkçe: Çoklu ortam
українська: Мультимедіа
Tiếng Việt: Đa phương tiện
მარგალური: მულტიმედია
中文: 多媒体