Музыкалык аспаптар

Музыкалык аспаптар.

Музыкалык аспаптар - адамдын катышуусу менен белгилүү ыргактагы жана туруктуу бийиктиктеги добуштарды чыгаруучу элдик аспаптар. Ар бир музыкалык аспаптын өзүнө таандык добуштук тембри (боёгу), динамикалык чеги, белгилүү диапазону болот. Музыкалык аспаптардын добушу аспаптарды жасоодо колдонулган материалдын сапатына, аспаптын формасына, үн чыгаруу ыкмаларына (мисалы, пиццикато, флажолет) жараша болот. Муз. Аспаптар элдик жана профессионалдык болуп бөлүнөт. Элдик муз. аспап бир элге (улутка), кээде этностук, тарыхый, маданий байланышы бар элдерге таандык болот.

Мисалы: бандура Украинада, пандури жана чонгури Грузияда гана болсо, гусли, сопель, жалейка, волынка орустарда, украиндерде, белорустарда да бар; саз, тар, зурна Азербайжан, Ариенияда болсо, Өзбекистан менен Тажикстандын көп аспаптары окшош. Россияда байыртан элдик музыкалык аспаптар ансамблдери (гуслярлар, гудошниктер, домбрачылар) болгон. 19- кылымдын аягында В. В. Андреев, С. И. Налимов, Ф. С. Пассербский, Н. П. Фомин кээ бир орус муз. аспаптарды (балалайка, гусли жана башка) өркүндөтүп, анын негизинде эл аспаптар оркестирлери түзүлгөн. Мурдагы Союздук республикаларда да байыртан келе жаткан улуттук муз. аспаптар бар.

Профессионалдык музыкалык аспаптарга симфония (опералык), үйлөмө жана эстрада оркестринин аспаптары кирет. Профессионалдык аспаптар элдик музыкалык аспаптардан келип чыккан. Музыкалык аспаптардын өнүгүшү адамзат коомунун, анын маданиятынын, музыкасынын, аткаруу өнөрүнүн өркүндөшүнө байланыштуу. Ошол себептүү кээ бир музыкалык аспаптар өзүнүн алгачкы түрүн өзгөртпөй биздин заманга жетсе, көпчүлүгү өзгөрүп, кээ бири акырындап жоюлуп, ордуна жаӊы асапап пайда болду. Добуш чыгаруу өзгөчөлүктөрүнө карай муыкалык аспаптар үйлөмө (флейта, кларнет, гобой, труба, валторна, сурнай, керней, чоор жана башка), кылдуу чертме (арфа, гитара, балалайка, дутар, домбра, комуз), урма (барабан, литавра, ксилофон, дойра) жана башка болуп бир нече топко бөлүнөт.

Азыркы кезде электр музыкалык аспаптар кеӊири жайылган (электр- гитара, электр- балалайка, электр- комуз). Эзелтен бери муундан муунга өтүп келе жаткан кыргыз комузу да совет доорунда өркүндөп, жаӊыланып, ошонун негизинде кыргыздын тунгуч эл аспаптар оркестрин П. Шубин, комузчулар ансамблин А. Огомбаев түзгөн.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • Виноградов В.С. «Киргизская народная музыка», Фрунзе 1958;
  • Вертков К.,Благодатов Г., Язовицкая Э., «Атлас музыкальных инструментов народов СССР», Л., 1964 (лит.);
  • Алагушов Б., «Кыргыздын музыкалык аспаптары», Фрунзе 1975-ж.
Other Languages
Afrikaans: Musiekinstrument
Alemannisch: Musikinstrument
العربية: آلة موسيقية
azərbaycanca: Musiqi aləti
беларуская (тарашкевіца)‎: Музычны інструмэнт
bamanankan: Fɔlifɛn
བོད་ཡིག: རོལ་ཆ།
brezhoneg: Benveg-seniñ
Cymraeg: Offeryn cerdd
Ελληνικά: Μουσικό όργανο
euskara: Musika tresna
فارسی: ساز
suomi: Soitin
Võro: Pill
Gaeilge: Uirlis cheoil
贛語: 樂器
Gàidhlig: Innealan-ciùil
Avañe'ẽ: Tembipu
ગુજરાતી: સંગીત વાદ્ય
עברית: כלי נגינה
hrvatski: Glazbala
magyar: Hangszer
Bahasa Indonesia: Alat musik
íslenska: Hljóðfæri
日本語: 楽器
la .lojban.: zgitci
Basa Jawa: Piranti musik
한국어: 악기
Lëtzebuergesch: Museksinstrument
lingála: Eyémbeli
Bahasa Melayu: Alat muzik
မြန်မာဘာသာ: တူရိယာ
Nāhuatl: Tlatzotzonalli
Plattdüütsch: Musikinstrument
नेपाल भाषा: बाजं
Nederlands: Muziekinstrument
norsk nynorsk: Musikkinstrument
ਪੰਜਾਬੀ: ਸਾਜ਼
پښتو: ساز
Runa Simi: Waqachina
armãneashti: Hâlati muzicalâ
संस्कृतम्: वाद्ययन्त्राणि
srpskohrvatski / српскохрватски: Muzički instrumenti
Simple English: Musical instrument
slovenčina: Hudobný nástroj
slovenščina: Glasbilo
Soomaaliga: Qalab muusig
Seeltersk: Musikinstrumente
Kiswahili: Ala ya muziki
Türkçe: Çalgı
oʻzbekcha/ўзбекча: Musiqa asbobi
Tiếng Việt: Nhạc cụ
West-Vlams: Muziekinstrument
吴语: 乐器
中文: 乐器
Bân-lâm-gú: Ga̍k-khì
粵語: 樂器