Моллюск

Moluscos Collage.jpg

Моллюскалар (лат. Mollusca), жумшак денелүүлөр – омурткасыз жаныбарлар тиби. Денеси сегменттелбеген, ал тулку боюнан, башы жана бутунан турат. Жону раковина менен капталган, кээ бириники начар өөрчүгөн же жок. Башында оозу, тинтүүрү, көзү жайгашкан. Буту курсак жагында, жылып жүрүү кызматын аткарат, кээде сүзүү органына айланган же редукцияланган. Тулкусу мантия менен капталган. Мантия менен тулкусунун ортосунда мантия көндөйүндө дем алуу жана кээ бир сезүү органдары жайгашкан. Ага жыныс жана бөлүп чыгаруу органдары ачылат. Ичегиси үч бөлүктөн турат. Алдынкы бөлүгүндө радула жана шилекей бездери, ортонку бөлүгүндө карын жана боор жайгашкан. Кан айлануусу ачык, жүрөгү үч бөлүктөн турат. Өпкөсү жана бакалоору менен дем алат. Нерв системасы, сезүү органдары бар. Бөлүп чыгаруу органдары - жуп бөйрөк. Моллюскалардын эки типчеси (каптал нервдүүлөр жана раковиналуулар), 5 классы, 130 миңдей түрү бүт жер жүзүнө (тундрадан тропикке чейин) кеңири таралган. Көпчүлүгү деңизде, тузсуз сууда, бир азы кургакта жашайт. Моллюскалар жылып жүрөт, бир нерееге бекинип отурат же суу түбүндөгү ылайга көмүнүп жатат. Жыныс жолу менен көбөйөт, айрым жыныстуу, гермофродиттери да бар. Булар бир нече айдан он жылга чейин жашайт. Майда омурткасыздар менен азыктанат. Көпчүлүк моллюскалар жаныбарларга жем, айрымдарын (устрица, кальмар, мидиялар, жүзүм үлүлү ж. б.) адамдар тамакка пайдаланат, кээ бири седеп, бермет алуу үчүн кармалат. Кээ бири (көзөгүчтөр, кеме курттары) кемелерге жана суу курулуштарына, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Көп кармалып, саны азайып кеткендиктен, коргоого муктаж. 12300дөн ашык түрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген моллюскаларды малакология илими изилдейт.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Weekdiere
Alemannisch: Weichtiere
አማርኛ: ዛጎል ለበስ
aragonés: Mollusca
العربية: رخويات
asturianu: Mollusca
azərbaycanca: Molyusklar
تۆرکجه: مولیوسکلار
башҡортса: Моллюскылар
беларуская: Малюскі
беларуская (тарашкевіца)‎: Малюскі
български: Мекотели
বাংলা: মলাস্কা
brezhoneg: Blotvil
bosanski: Mehkušci
català: Mol·luscs
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Niōng-tā̤ dông-ŭk
Cebuano: Kinhason
čeština: Měkkýši
Cymraeg: Molwsg
dansk: Bløddyr
Deutsch: Weichtiere
Ελληνικά: Μαλάκια
English: Mollusca
Esperanto: Moluskoj
español: Mollusca
eesti: Limused
euskara: Molusku
فارسی: نرم‌تنان
føroyskt: Lindýr
français: Mollusca
Nordfriisk: Wokdiarten
Gaeilge: Moileasc
galego: Moluscos
Avañe'ẽ: Syrymbe
עברית: רכיכות
हिन्दी: मोलस्का
hrvatski: Mekušci
hornjoserbsce: Mjechkuše
magyar: Puhatestűek
interlingua: Mollusca
Bahasa Indonesia: Moluska
Ido: Molusko
íslenska: Lindýr
italiano: Mollusca
日本語: 軟体動物
Basa Jawa: Moluska
ქართული: მოლუსკები
한국어: 연체동물
Latina: Mollusca
Lëtzebuergesch: Weechdéieren
Lingua Franca Nova: Molusco
Limburgs: Weikdere
lietuvių: Moliuskai
latviešu: Gliemji
македонски: Мекотели
മലയാളം: മൊളസ്ക
Bahasa Melayu: Moluska
Napulitano: Mollusca
Plattdüütsch: Weekdeerter
Nederlands: Weekdieren
norsk nynorsk: Blautdyr
norsk: Bløtdyr
occitan: Mollusca
ଓଡ଼ିଆ: ସନ୍ଧିପଦ
ਪੰਜਾਬੀ: ਮੋਲਸਕਾ
polski: Mięczaki
پنجابی: مولسکا
português: Moluscos
Runa Simi: Llamp'uka
română: Moluscă
tarandíne: Mollusca
русский: Моллюски
Kinyarwanda: Ikinyamushongo
Scots: Mollusca
srpskohrvatski / српскохрватски: Mekušci
Simple English: Mollusc
slovenčina: Mäkkýše
slovenščina: Mehkužci
српски / srpski: Мекушци
svenska: Blötdjur
Kiswahili: Moluska
తెలుగు: మొలస్కా
tetun: Molusku
Tagalog: Mollusca
Türkçe: Yumuşakçalar
українська: Молюски
oʻzbekcha/ўзбекча: Mollyuskalar
vèneto: Mołusco
West-Vlams: Molluuskn
Winaray: Mollusca
吴语: 软体动物
ייִדיש: מאלוסקן
中文: 软体动物
Bân-lâm-gú: Nńg-thé tōng-bu̍t
粵語: 軟體動物