Менеджмент

Менеджмент (англисче management) – рынок мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы. Менеджменттин негизги максаты – өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. Менеджменттик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара билүү. Менеджменттин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрыкча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла маанилүү. Менеджменттин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. Менеджмент – ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. Менеджментти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айыгышкан конкуренциялык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кеңеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери Менеджменттин катышуусуз кабыл алынган эмес.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
العربية: إدارة
অসমীয়া: ব্যৱস্থাপনা
asturianu: Alministración
azərbaycanca: Menecment
Boarisch: Management
žemaitėška: Vadība
беларуская: Менеджмент
беларуская (тарашкевіца)‎: Мэнэджмэнт
български: Мениджмънт
brezhoneg: Management
bosanski: Menadžment
català: Gestió
čeština: Management
Cymraeg: Rheolaeth
dansk: Ledelse
Deutsch: Management
Ελληνικά: Διαχείριση
English: Management
eesti: Juhtimine
euskara: Kudeaketa
فارسی: مدیریت
français: Management
עברית: ניהול
हिन्दी: प्रबन्धन
hrvatski: Menadžment
magyar: Menedzsment
Bahasa Indonesia: Manajemen
italiano: Management
日本語: 経営管理論
ქართული: მენეჯმენტი
қазақша: Менеджмент
한국어: 경영
Limburgs: Bedriefsveuring
lietuvių: Vadyba
latviešu: Vadībzinība
македонски: Менаџмент
монгол: Менежмент
Bahasa Melayu: Pengurusan
Mirandés: Admenistraçon
မြန်မာဘာသာ: စီမံခန့်ခွဲခြင်း
नेपाली: व्यवस्थापन
Nederlands: Management
norsk: Ledelse
Norfuk / Pitkern: Manajement
polski: Zarządzanie
پښتو: سمبالښت
português: Administração
română: Management
русский: Менеджмент
sicilianu: Amministraturi
Scots: Management
srpskohrvatski / српскохрватски: Menadžment
Simple English: Management
slovenčina: Plánovanie
slovenščina: Menedžment
shqip: Menaxhimi
српски / srpski: Руковођење
svenska: Management
Kiswahili: Usimamizi
தமிழ்: மேலாண்மை
тоҷикӣ: Мудирият
Tagalog: Pamamahala
Türkçe: İşletme
українська: Менеджмент
اردو: نظامت
oʻzbekcha/ўзбекча: Menejment
Tiếng Việt: Quản lý
ייִדיש: פירערשאפט
中文: 管理学
Bân-lâm-gú: Koán-lí-ha̍k