Манагуа

Манагуа.

МанагуаНикарагуа Республикасынын борбору, шаар. Шаар айланасы менен өзүнчө административдик бирдикти – Манагуа улуттук округун түзөт (калкы 1,8 млн). Тынч океандан 45 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 60 м бийиктикте. Манагуа көлүнүн жээгинде, тектоникалык депрессия зонасында (катуу жер титирөөлөр болуп турат) жайгашкан. Калкы 927,2 миң (2010). Панамерика шоссесиндеги ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, тамак-аш, химиялык, булгаары–бут кийим, цемент, нефть ажыратуу өнөр жай ишканалары иштейт. Манагуа Борбордук Америкадагы илим менен билимдин түштүк борбору. Университеттер, Философия улуттук, География жана тарых академиялары, илимий коомдор, музейлер (анын ичинде улуттук, революция ж. б.), улуттук архив жана парк бар. Барокко стилиндеги Эстелик ак сарайы, муниципалдык собор сакталган. Калган курулуштары соңку мезгилге туура келип, бир кабаттуу; жер титирөөгө туруктуу имараттар салынган.

Манагуа испандар тарабынан 16-кылымда негизделген. 1823-жылдан 1838-жылга чейин Борбордук Америка кошмо провинциясынын федерация курамына кирген. 1846-жылы шаар статусун алган. 1858-жылдан Никарагуанын борбору. Шаар бир нече жолу табигый кырсыктарга (1972-жылы жер титирөөдөн, 1998-жылы Митч ураганынан) учурап, кайра калыбына келтирилген.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Acèh: Managua
Afrikaans: Managua
Alemannisch: Managua
አማርኛ: ማናጓ
العربية: ماناغوا
asturianu: Managua
Aymar aru: Manawa
azərbaycanca: Manaqua
башҡортса: Манагуа
Boarisch: Managua
беларуская: Манагуа
беларуская (тарашкевіца)‎: Манагуа
български: Манагуа
བོད་ཡིག: མ་ན་གུ་འ།
brezhoneg: Managua
bosanski: Managua
català: Managua
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Managua
нохчийн: Манагуа
čeština: Managua
Cymraeg: Managua
dansk: Managua
Deutsch: Managua
Ελληνικά: Μανάγουα
English: Managua
Esperanto: Managvo
español: Managua
eesti: Managua
euskara: Managua
فارسی: ماناگوئه
suomi: Managua
français: Managua
Frysk: Managûa
Gaeilge: Managua
Gàidhlig: Managua
galego: Managua
客家語/Hak-kâ-ngî: Managua
עברית: מנגואה
हिन्दी: मनागुआ
Fiji Hindi: Managua
hrvatski: Managua
Kreyòl ayisyen: Managoua
magyar: Managua
Հայերեն: Մանագուա
interlingua: Managua
Bahasa Indonesia: Managua
Interlingue: Managua
Ido: Managua
íslenska: Managva
italiano: Managua
日本語: マナグア
Patois: Managua
ქართული: მანაგუა
Kongo: Managua
Gĩkũyũ: Managua
한국어: 마나과
Latina: Managua
Ladino: Managua
Ligure: Managua
lumbaart: Managua
lietuvių: Managva
latviešu: Managva
македонски: Манагва
മലയാളം: മനാഗ്വ
монгол: Манагуа
मराठी: मानाग्वा
Bahasa Melayu: Managua
Nederlands: Managua (stad)
norsk nynorsk: Managua
norsk: Managua
occitan: Managua
Livvinkarjala: Managua
Ирон: Манагуæ
ਪੰਜਾਬੀ: ਮਾਨਾਗੁਆ
Papiamentu: Managua
Norfuk / Pitkern: Managua
polski: Managua
Piemontèis: Managua
português: Manágua
Runa Simi: Managua
română: Managua
русский: Манагуа
Kinyarwanda: Managua
саха тыла: Манагуа
sardu: Manàgua
Scots: Managua
davvisámegiella: Managua
srpskohrvatski / српскохрватски: Managua
Simple English: Managua
slovenčina: Managua (mesto)
slovenščina: Managua
chiShona: Managua
shqip: Managua
српски / srpski: Манагва
svenska: Managua
Kiswahili: Managua
தமிழ்: மனாகுவா
Tagalog: Managua
Türkçe: Managua
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: ماناگۇئا
українська: Манагуа
اردو: ماناگوا
oʻzbekcha/ўзбекча: Managua
vepsän kel’: Managua
Tiếng Việt: Managua
Winaray: Managua
吴语: 马那瓜
ייִדיש: מאנאגוע
Yorùbá: Managua
中文: 馬拿瓜
Bân-lâm-gú: Managua
粵語: 馬拿瓜