Лозанна тынчтык келишими

Лозанна тынчтык келишими (1923) – Лозанна конференциясын (1922–23) жыйынтыктаган документ. Ага бир тараптан Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу жана экинчи тараптан Түркия 1923-ж. 24-июлда кол койгон. Бул келишим боюнча Осмон империясынын кулашы укуктук жактан ырасталып, Түркиянын аймагы анын азыркы чек аралары менен гана чектелген. Лозанна тынчтык келишиминин шарты боюнча Түркия Измир жана Чыгыш Фракияны өзүнө кайтарып алып, араб провинциялары жана Эгей (Имброс менен Тенедос аралынан сырткары), Жер ортолук деңизиндеги аралдардан баш тарткан. Лозанна тынчтык келишимине ылайык Түркиянын үстүнөн эл аралык финансы контролу жоюлуп, Түркия Оттоман (Осмон империясынын тышкы карызы) карыздарынын айрым бөлүгүн төлөөгө макул болгон. Лозанна тынчтык келишими «Кемал революциясынын» натыйжасында пайда болгон көз каранды эмес түрк мамлекетин таанып, Севр тынчтык келишимин (1920) жокко чыгарган. Локал жолчо (Local bus) жергиликтүү жолчо – тез эсти айланып өтүп, борбордук процессор менен бириктирилген түзүлүш.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
Other Languages
العربية: معاهدة لوزان
Bahasa Indonesia: Perjanjian Lausanne
한국어: 로잔 조약
македонски: Лозански договор
Bahasa Melayu: Perjanjian Lausanne
srpskohrvatski / српскохрватски: Ugovor iz Lausanne
Simple English: Treaty of Lausanne
slovenščina: Lausannski sporazum
српски / srpski: Лозански мир 1923.
Türkmençe: Lozen şertnamasy
Tiếng Việt: Hiệp ước Lausanne
中文: 洛桑条约