Липа

Tilia amurensis.

Липа, жөкө дарак (лат. Tilia, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дарактар уруусу. Бийиктиги 15–25 м, айрымдары 40 м-ге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2–5 м-дей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү – калканча же чачы сымал. Мөмөсү – жаңгакча. Липа демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Липанын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү – жүрөк сымал липа, европа липасы, амур липасы. Кыргызстанда атайын өстүрүлөт. Липа кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
Other Languages
Alemannisch: Linden (Botanik)
aragonés: Tilia
العربية: زيزفون
azərbaycanca: Cökə
تۆرکجه: جؤکه (بیتکی)
беларуская: Ліпа
беларуская (тарашкевіца)‎: Ліпа
български: Липа
bosanski: Lipa (biljka)
català: Til·ler
Cebuano: Tilia
čeština: Lípa (rod)
kaszëbsczi: Lëpa
Чӑвашла: Çăка
dansk: Lind
dolnoserbski: Lipa
Ελληνικά: Φιλύρα (φυτό)
English: Tilia
Esperanto: Tilio
español: Tilia
eesti: Pärn
euskara: Ezki
فارسی: نمدار
suomi: Lehmukset
français: Tilia
Gaeilge: Teile (crann)
galego: Tileiro
עברית: טיליה
hornjoserbsce: Lipa
հայերեն: Լորենի
interlingua: Tilia
Bahasa Indonesia: Tilia
Ido: Tilio
íslenska: Linditré
italiano: Tilia
日本語: シナノキ属
ქართული: ცაცხვი
қазақша: Жөке
한국어: 피나무속
Перем Коми: Нинпу
коми: Нинпу
Lëtzebuergesch: Lannen
lietuvių: Liepa (augalas)
latviešu: Liepas
мокшень: Пяше
олык марий: Писте
македонски: Липа
эрзянь: Пекше
Plattdüütsch: Linnen (Boom)
Nederlands: Linde (geslacht)
occitan: Tilia
Ирон: Сусхъæд
Picard: Tilleu
polski: Lipa
português: Tilia
Runa Simi: Tilu
română: Tei
русский: Липа
sardu: Tilia
Scots: Tilia
srpskohrvatski / српскохрватски: Lipa
Simple English: Tilia
slovenčina: Lipa
slovenščina: Lipa
shqip: Bliri
српски / srpski: Липа
svenska: Lindsläktet
Türkçe: Ihlamur
татарча/tatarça: Юкә
удмурт: Беризь
українська: Липа
oʻzbekcha/ўзбекча: Joʻka
vepsän kel’: Lehmuz
Tiếng Việt: Chi Đoạn
walon: Tiyoû
Winaray: Tilia
中文: 椴树属
粵語: 椴樹