Көмүртек

Көмүртек (алмаз жана графит).

Көмүртек (лат. Carboneum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVА группа элементи ; к.н. 6; ат. м. 12,011. Жаратылышта көмүртек туруктуу эки изотоп аралашмасынан – 12С (98,892 % жана 13С (1,108 %) турат. Радиоактивдүү изотоптору маанилүүсү – 14С(Т1/2 =5570 жыл). К. үчүн иондук байланышты пайда кылуу мүнөздүү эмес, электронун оңой берүүчү активдүү металлдар менен болгон бирикмелеринде гана (мис. алюминий карбиди Al 4+3C3-4) анын окистенүү даражасы -4кө барабар. Элементтер басымдуу бөлүгү менен көмүртек бекем коваленттик байланыштагы бирикмелерди берет, ал байланышка көмүртек сырткы электрондук катмарындагы 4 электрон толугу менен катышат. Ошондуктан көмүртек IV валенттүү, бирок II валенттүү бирикмелери да белгилүү, мис. Көмүртек (II) оксиди СО (ис газы). К.жаратылышта таралышы б-ча 17-орунда турат – жер кыртышынын 0,1 % түзөт.

Көмүртек негизги минералдары: табигый карбонаттар (жер кыртышындагы м. »9,6×1015 т.), күйүүчү кендер – таш көмүр, күрөң көмүр, нефть, жаратылыш газы, чымкөң, күйүүчү сланец түрүндө топтолгон (жалпы запасы »1013 т.). Ал эми тирүү организмдеги (микроорганизмдер, өсүмдүк жана жаныбарлар) К. саны 1012 т., атмосферада көмүр кычкыл газы түрүндөгү саны 6×1011 т-ны түзсө, гидросферада (эриген көмүр кычкыл газы түрүндөгү) атмосферадагыга караганда 60 эсе көп болот. К. орг. бирикмелери тирүү организмди түзүүчү материал менен камсыз кылат. Жаратылышта эркин абалында 3 жөнөкөй зат: алмаз, графит жана карбин түрүндө кездешет. Алмаз – кубдук, графит гексагоналдык кристаллдык торчолуу структурага ээ, карбин - структурасыз зат, К. полимери болуп саналат (ХХ-к. орто ченинде орус окумуштуулары тарабынан ачылган). Таза К-тин курамында кээ бир көмүр түрлөрү, мис., антрацит (98 % С) жакын болот. Алмаз өтө сейрек таралган. Мис.: алмаздуу кендер – кимберлиттер 0,0009 % ашпаган санда гана болот. Жөнөкөй алмаз м. 0,2-0,4 г, а эгерде ири өлчөмдөгү алмаздар табылса, аларга өзгөчө ат берилет. Азыркы мезгилде эң ири алмаз деп Түштүк Африкадан табылган “Кулинан” алмазы (10х6,5х5 см өлчөмдөгү м. 621,2 г) саналат. Ири кендери Түштүк Африкада, Бразилияда, АКШ, Мексика, Индия жана Россияда (Якутия, Урал) жайгашкан. Алмаз өзгөчө касиети – анын өтө катуулугу жана кооздугу. Атайын иштетилип, өтө жылмаланган алмаз бриллиант деп аталат. Анын аты араб сөзү “ал-мас” – катуунун катуусу дегенди билдирет. К. жер шарында гана эмес, башка космос телолорунда таралган. Анын эң жөнөкөй бирикмелери СН4 жана СО2 күн системасынын бардык планеталарынан табылган. Мис., Марс атмосферасы негизинен көмүр кычкыл газынан турат. К. спектри алыскы жылдызда, кометада жана туманда да байкалган. Ал эми кээ бир метеориттерде алмаз, графит эле эмес, орг. бирикмелери да табылган. К. өзгөчөлүгү болуп, анын өз ара бири-бири менен байланышып чексиз узун жана өтө бекем байланышкан атомунун чынжырын түзүү жөндөмдүүлүгү. Физикалык касиеттери б-ча графит менен алмаз кескин айырмаланат. Алмаз түссүз, тунук, жарыкты күчтүү сындырган жана жаратылышта табылган кристаллдын эң катуусу. Графит – бозомтук кара түстөгү, тунук эмес, майланышкан металлдык жалтырактыкка ээ, катуулугу б-ча кагаздан да начар кристалл болуп саналат. К. бөлмө темп-расында бардык формасында инерттүү, бирок ысытууда көптөгөн заттар менен аракеттенет. Абада ысытууда кычкылтек ашыкча болсо, көмүр кычкыл газына чейин, жетишсиз болсо К. (II) оксидине чейин окистенет да, реакциянын натыйжасында көп сандагы энергия жылуулук жана жарык түрүндө бөлүнүп чыгат:

С + О2 = СО2 + 393,5 кДж,

2С + О2 = 2СО + 223,0 кДж.

К. калыбына келтиргичтик касиети металлдар оксиддери менен аракеттешүүсүндө өзгөчө ачык байкалат, мис.:

ZnO + C = Zn + CO

(12000C). К. бардык формасында щелочтор таасирине (ысытуу) туруктуу. Төмөнкү темп-рада концент. к-талар таасир этпейт, бирок 1000С жогорку темп-рада ысытуудан аморфтук К. акырындык менен окистенет. Алмаз менен графит басымдуу бөлүгү табигый сырьёну кайра иштетүү аркылуу алынат. Казылып алынган алмаз кендери – кимберлиттер алгач аябай майдаланат, андан соң жуулат – жеңил тоо тектери (чопо ж.б.) агып кетет, алмаз кармаган оор бөлүгү калат. Мында иштетүүдө алмаз атайын курамдагы майларга (вазелин сыяктуу) жабышып бөлүнүп калат. Аягына чейин тазалоо үчүн, алмаз к-талар жана щелочто жуулат. К. бирикмелери колдонуу тармагы чексиз. Алмаз ири кристаллдары кооздук буюм катары колдонулат. Ал эми майда, тунук эмес кристаллдары же жасалма алынган кристаллдары кесүүчү, жылмалоочу жана тоотектерин бургулоочу аспаптарда пайдаланылат. Графит ысыкка жана бузуучу чөйрөлөргө туруктуулугу, электр тогун жакшы өткөрүшү аны ө. ж-да өтө маанилүү материалдар катарына коёт. Андан куймалар үчүн калыптар, балкытып эритүү үчүн тигелдер (казандар) жана отко чыдамдуу буюмдар жасалат. О. эле графит өтө көп бөлүгү электротех. ө. ж-да электроддор, гальваникалык элементтер жана аккумуляторлор, электр кыймылдаткычтарын даярдоодо колдонулат. Өтө таза графит ядролук реакторлордо нейтрондун ылдамдыгын төмөндөтүү үчүн колдонулат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Koolstof
Alemannisch: Kohlenstoff
አማርኛ: ካርቦን
aragonés: Carbonio
العربية: كربون
مصرى: كاربون
অসমীয়া: কাৰ্বন
asturianu: Carbonu
azərbaycanca: Karbon
تۆرکجه: کربون
башҡортса: Углерод
žemaitėška: Onglė
беларуская: Вуглярод
беларуская (тарашкевіца)‎: Вуглярод
български: Въглерод
भोजपुरी: कार्बन
বাংলা: কার্বন
བོད་ཡིག: སོཕ་རྗས།
brezhoneg: Karbon
bosanski: Ugljik
català: Carboni
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Táng
Cebuano: Karbon
کوردی: کاربۆن
corsu: Carboniu
čeština: Uhlík
Чӑвашла: Кăмрăкамăш
Cymraeg: Carbon
dansk: Carbon
Deutsch: Kohlenstoff
dolnoserbski: Wuglik
Ελληνικά: Άνθρακας
English: Carbon
Esperanto: Karbono
español: Carbono
eesti: Süsinik
euskara: Karbono
فارسی: کربن
suomi: Hiili
Na Vosa Vakaviti: Kaboni
føroyskt: Kolevni
français: Carbone
Nordfriisk: Karboon (element)
furlan: Carboni
Frysk: Koalstof
Gaeilge: Carbón
贛語:
Gàidhlig: Gualan
galego: Carbono
Avañe'ẽ: Tatapỹi
ગુજરાતી: કાર્બન
Gaelg: Carboan
客家語/Hak-kâ-ngî: Than
Hawaiʻi: Kalepona
עברית: פחמן
हिन्दी: कार्बन
Fiji Hindi: Koila
hrvatski: Ugljik
hornjoserbsce: Wuhlik
Kreyòl ayisyen: Kabòn
magyar: Szén
հայերեն: Ածխածին
interlingua: Carbon
Bahasa Indonesia: Karbon
Ilokano: Karbon
Ido: Karbo
íslenska: Kolefni
italiano: Carbonio
日本語: 炭素
Patois: Kaaban
la .lojban.: tabno
Basa Jawa: Karbon
ქართული: ნახშირბადი
Kabɩyɛ: Karɩbɔnɩ
Gĩkũyũ: Carbon
қазақша: Көміртегі
ភាសាខ្មែរ: កាបូន
ಕನ್ನಡ: ಇಂಗಾಲ
한국어: 탄소
Перем Коми: Шомувтыр
Ripoarisch: Kohlenstoff
kurdî: Karbon
Latina: Carbonium
Lëtzebuergesch: Kuelestoff
лезги: Углерод
Limburgs: Koolstof
Ligure: Carbonio
lumbaart: Carboni
lingála: Kaboni
lietuvių: Anglis
latviešu: Ogleklis
Basa Banyumasan: Karbon
мокшень: Седель
Malagasy: Karbônina
олык марий: Шӱйдӱҥ
Māori: Waro
македонски: Јаглерод
മലയാളം: കാർബൺ
मराठी: कार्बन
кырык мары: Углерод
Bahasa Melayu: Karbon
Malti: Karbonju
မြန်မာဘာသာ: ကာဗွန်
эрзянь: Седь
Nāhuatl: Tecolli
Plattdüütsch: Kohlenstoff
नेपाली: कार्बन
नेपाल भाषा: कार्बोन
Nederlands: Koolstof
norsk nynorsk: Karbon
norsk: Karbon
Novial: Karbo
Diné bizaad: Káábin
occitan: Carbòni
Livvinkarjala: Hiilisuadu
ଓଡ଼ିଆ: ଅଙ୍ଗାରକ
ਪੰਜਾਬੀ: ਕਾਰਬਨ
Papiamentu: Karbon
पालि: कार्बोन
Piemontèis: Carbòni
پنجابی: کاربن
português: Carbono
Runa Simi: K'illimsayaq
română: Carbon
armãneashti: Carbonu
русский: Углерод
русиньскый: Карбон
संस्कृतम्: कार्बन
саха тыла: Углерод
sardu: Carbòniu
sicilianu: Carbòniu
Scots: Caurbon
srpskohrvatski / српскохрватски: Ugljenik
සිංහල: කාබන්
Simple English: Carbon
slovenčina: Uhlík
slovenščina: Ogljik
chiShona: Carbon
Soomaaliga: Kaarboon
shqip: Karboni
српски / srpski: Угљеник
Seeltersk: Koolestof
Basa Sunda: Karbon
svenska: Kol
Kiswahili: Kaboni
தமிழ்: கரிமம்
తెలుగు: కార్బన్
тоҷикӣ: Карбон
Tagalog: Karbon
Türkçe: Karbon
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: كاربون
українська: Вуглець
اردو: کاربن
oʻzbekcha/ўзбекча: Uglerod
vèneto: Carbonio
vepsän kel’: Hil'nik
Tiếng Việt: Cacbon
West-Vlams: Carbong
Volapük: Karbin
walon: Carbone
Winaray: Carbono
吴语:
хальмг: Углерод
isiXhosa: I-carbon
ייִדיש: קוילנשטאף
Yorùbá: Kárbọ̀nù
Vahcuengh: Danq
中文:
文言:
Bân-lâm-gú: Thòaⁿ-sò͘
粵語: