Кычкылтек

Кычкылтек.

Кычкылтек (лат. Oxygenium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи, к.н. 8, ат. м. 15,9994. Жаратылышта кычкылтек массалык сандары 16О, 17О жана 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 жана О3 (озон) болот. К. металл эместер ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Электронго тектештиги 1,467эВ ; коваленттик радиусу 0,066 нм ; мол-сы эки атомдон турат. XVII-к. К. Дреббель К. бөлүп алып, бул газдын дем алуу үчүн өтө зарыл экендигин аныктаган. Таза түрүндөгү К. биринчи жолу (1772-ж.) К.Шееле KNO 3, NаNO3, Mg(NO3)2, 1774-ж. Ж.Пристли HgO бөлүп алган. 1775-ж. А.Лавуазье абанын курамын аныктап, ал К. менен азоттон турарын айткан жана к-талар курамына киргендиктен oxygene – «к-та пайда кылуучу» деп атаган. К. эң кеңири таралган элемент. Атм-да массасы б-ча 23,10 %, көлөмү б-ча 20,95 % чейин болот жана ал азоттон кийинки экинчи орунду ээлейт. Гидросферада 85,82 %, литосферада 52,8 % түзөт. Курамында К. бар 1400 ашуун минералдар белгилүү. Окистенүү, күйүү, чирүү жана дем алуунун натыйжасында атм-да К. санынын азайышы, өсүмдүктөрдө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу К. менен толукталат. К. жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Кайноо темп-расы 90,188К. Абадан бир аз оор. Нормалдуу шартта К. 1 л массасы 1,43 г/см3 ; 0 оC 100 көлөм сууда 4,9 көлөм, ал эми 20оС 3,1 көлөм К. эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн К. эригичтигинин мааниси өтө зор. -182,9оС жана нормалдуу басымда К. көгүлтүр түстөгү, тыгызд. 1,14 г/см3 болгон суюктук; - 218оС көк түстөгү катуу кристаллга айланат. К. гелий, неон жана аргондон башка бардык элементтер менен хим. бирикмелер пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr жана галогенди башка элементтер менен түздөн-түз аракетенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар менен болгон реакцияларында окистендиргич болуп саналат. Кээ бир заттар, мис., азот оксиди кан гемоглобини К. менен бөлмө темп-расында биригишет. К. катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү-жылуулукту жана жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. К. суутек менен реакцияга кирип сууну пайда кылат. Реакция катализатор катышуусунда 80о-100оС тез жүрөт. 500оC жогорку темп-рада К. аталган реакция жарылуу менен жүрөт. щелочтуу металлды (литий башкасын) К. атм-сында күйгүзгөндө пероксиддер М2О2 жана супероксиддер МО2 пайда болот. К. мезгилдик системанын II группа элементтери менен реакцияга кирет. Мис., Ba 20-25оС, Mg жана Be 500оС жогорку темп-рада күйөт. Реакция натыйжасында оксиддер жана пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg менен жогорку темп-рада гана аракеттенет. III группа элементтери темп-ранын таасиринде гана аракеттенет да оксиддер пайда кылат. Ti, Zr, Hf К. таасирине туруктуу. К. көмүртек менен реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат (394 кДж/моль). Алмаз, графит менен 700оС жогорку темп-рада аракеттенет. Азот менен 1200оС жогорку темп-рада гана аракеттенип NO пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин окистенет. VI группа элементтери S, Se, Te К. менен бир аз ысытканда эле аракеттенет. W жана Mo окистениши 400оС байкалат. Лаб-яда К. оксиддер, пероксиддер, оксокислоталар туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу менен алышат:

1) 2KMnO4 t ® K2MnO4 + MnO2 + O2 2) 2KClO3 ® 2 KCl + 3O2

3) 2H2O2 ® O2 + 2H2O

Ө. ж-да К. абанын курамынын -40оС жана 40 атм-лык басым астында суюктукка айлантып ректификациялоо менен алышат. Техникада К. металлды ширетүү, кесүү, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде жана медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундар, күкүрт, азот к-таларын, сода ж.б. хим. заттар алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Suurstof
Alemannisch: Sauerstoff
አማርኛ: ኦክሲጅን
aragonés: Oxichén
Ænglisc: Æðmlyft
العربية: أكسجين
অসমীয়া: অম্লজান
asturianu: Oxíxenu
azərbaycanca: Oksigen
تۆرکجه: اوکسیژن
башҡортса: Кислород
Boarisch: Sauastoff
žemaitėška: Degounis
беларуская: Кісларод
беларуская (тарашкевіца)‎: Тлен
български: Кислород
भोजपुरी: ऑक्सीजन
বাংলা: অক্সিজেন
བོད་ཡིག: གསོ་རླུང་།
brezhoneg: Oksigen
bosanski: Kisik
català: Oxigen
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Iōng
нохчийн: Мустлург
Cebuano: Oksihena
کوردی: ئۆکسجین
corsu: Ossigenu
čeština: Kyslík
Чӑвашла: Йӳçамăш
Cymraeg: Ocsigen
dansk: Ilt
Deutsch: Sauerstoff
Ελληνικά: Οξυγόνο
English: Oxygen
Esperanto: Oksigeno
español: Oxígeno
eesti: Hapnik
euskara: Oxigeno
فارسی: اکسیژن
suomi: Happi
føroyskt: Oxygen
français: Oxygène
Nordfriisk: Sörstuf
furlan: Ossigjen
Frysk: Soerstof
Gaeilge: Ocsaigin
贛語:
Gàidhlig: Ogsaidean
galego: Osíxeno
Avañe'ẽ: Tatarapo
गोंयची कोंकणी / Gõychi Konknni: ऑक्सिजन
Gaelg: Ocsygien
客家語/Hak-kâ-ngî: Yông
Hawaiʻi: ʻOkikene
עברית: חמצן
हिन्दी: ऑक्सीजन
Fiji Hindi: Oxygen
hrvatski: Kisik
hornjoserbsce: Kislik
Kreyòl ayisyen: Oksijèn
magyar: Oxigén
Հայերեն: Թթվածին
interlingua: Oxygeno
Bahasa Indonesia: Oksigen
Ilokano: Oksiheno
Ido: Oxo
íslenska: Súrefni
italiano: Ossigeno
日本語: 酸素
Patois: Axijen
la .lojban.: kijno
Basa Jawa: Oksigèn
ქართული: ჟანგბადი
Kabɩyɛ: Ɔkɩsɩzɛnɩ
Gĩkũyũ: Oxygen
қазақша: Оттегі
ភាសាខ្មែរ: អុកស៊ីសែន
ಕನ್ನಡ: ಆಮ್ಲಜನಕ
한국어: 산소
Перем Коми: Шӧмувтыр
Ripoarisch: Sauerstoff
kurdî: Oksîjen
Latina: Oxygenium
Lëtzebuergesch: Sauerstoff
лезги: Кислород
Limburgs: Zuurstof
Ligure: Oscigeno
lumbaart: Osìgeno
lingála: Oksijɛ́ní
lietuvių: Deguonis
latviešu: Skābeklis
мокшень: Шапафни
Malagasy: Ôksizenina
олык марий: Шопештыш
Māori: Hāora
македонски: Кислород
മലയാളം: ഓക്സിജൻ
кырык мары: Кислород
Bahasa Melayu: Oksigen
Malti: Ossiġenu
မြန်မာဘာသာ: အောက်စီဂျင်
Nāhuatl: Ehecayoh
Plattdüütsch: Suerstoff
नेपाली: प्राणवायु
नेपाल भाषा: अक्सिजन
Nederlands: Zuurstof (element)
norsk nynorsk: Oksygen
norsk: Oksygen
occitan: Oxigèn
Livvinkarjala: Happamehsuadu
Oromoo: Ooksijiinii
ଓଡ଼ିଆ: ଅମ୍ଳଜାନ
ਪੰਜਾਬੀ: ਆਕਸੀਜਨ
Kapampangan: Oxygen
Papiamentu: Oksigeno
पालि: अक्सिजन
polski: Tlen
Piemontèis: Ossìgen
پنجابی: آکسیجن
پښتو: اکسيجن
português: Oxigénio
Runa Simi: Muksichaq
rumantsch: Oxigen
română: Oxigen
armãneashti: Oxigenu
русский: Кислород
русиньскый: Оксиген
саха тыла: Кислород
sardu: Ossìgenu
sicilianu: Ussìgginu
Scots: Oxygen
سنڌي: آڪسيجن
srpskohrvatski / српскохрватски: Kiseonik
සිංහල: ඔක්සිජන්
Simple English: Oxygen
slovenčina: Kyslík
slovenščina: Kisik
Soomaaliga: Ogsajiin
shqip: Oksigjeni
српски / srpski: Кисеоник
Seeltersk: Suurstof
Basa Sunda: Oksigén
svenska: Syre
Kiswahili: Oksijeni
தமிழ்: ஆக்சிசன்
ತುಳು: ಆಮ್ಲಜನಕ
తెలుగు: ఆక్సిజన్
тоҷикӣ: Оксиген
Tagalog: Oksiheno
Türkçe: Oksijen
татарча/tatarça: Уттуар
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: ئوكسىگېن
українська: Оксиген
اردو: آکسیجن
oʻzbekcha/ўзбекча: Kislorod
vèneto: Osìgeno
vepsän kel’: Hapanik
Tiếng Việt: Ôxy
West-Vlams: Zuurstof
Volapük: Loxin
walon: Ocsidjinne
Winaray: Oksiheno
吴语:
хальмг: Оксиҗен
isiXhosa: I-oxygen
მარგალური: ჟანგბადი
ייִדיש: זויערשטאף
Yorùbá: Ọ́ksíjìn
Vahcuengh: Yangj
中文:
文言:
Bân-lâm-gú: Sng-sò͘
粵語: