Кордова халифаты

Кордова халифаты — Пиреней жарым аралындагы мамлекет. Омейя Абд ар-Рахман I Аббасиддерден Испанияга качып келип, 756-ж. Кордова эмирлигин түзгөн. Эмирлик 9-кылымдын аягында айрым феодалдык ээликтерге бөлүнүп кеткен. 929-ж. өзүн халиф деп жарыялаган Абд ар-Рахман III мамлекеттин саясий биримдигин калыбына келтирип, Кордованы көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган. Абд ар-Рахман III нүн мезгилинде Кордова халифатында 3000ден ашык мечит пайда болуп, жарым млндой калкы менен мусулмандардын рухий борборуна айланган. Кордова халифатынын Кордова, Гранада жана Севилье шаарында укук, философия, адабият, математика, медицина, астрономия, тарых жана география сабактарын окуткан мектептер салынган. Кордова халифаты 945-, 955-ж. Византияга, 955-, 969-жылдары Германияга элчилерин жиберип, мамиле түзүп турган. 10-кылым — Кордова халифатынын гүлдөп турган мезгили. Шаарлардын, элдин саны көбөйүп, кеме куруу, тоо-кен өнөр-жай өнүккөн. Кордова халифаты 11-кылымдын башында феодалдык бүлгүнгө учурап, майда эмирликтерге бөлүнүп кеткен. Кордова халифатынын көрүнүктүү башкаруучулары: Абд ар-Рахман III (912—61), аль-Хакам II (961—76), Хажиб Мухаммед ибн Абу Эмир аль-Мансур (976—1002).

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
azərbaycanca: Kordova xilafəti
беларуская: Кордаўскі халіфат
Bahasa Indonesia: Kekhalifahan Kordoba
македонски: Кордопски халифат
Bahasa Melayu: Kekhalifahan Cordoba
Nederlands: Kalifaat Córdoba
srpskohrvatski / српскохрватски: Kordopski Kalifat
slovenščina: Kordovski kalifat
српски / srpski: Кордопски калифат
Türkmençe: Kordowa halifaty
Tiếng Việt: Caliphate Córdoba