Коом

Коом – кеңири маанисинде адамдардын биргелешкен ишмердүүлүгүнүн тарыхый калыптанган формаларынын жыйындысы. Тар маанисинде социалдык системанын конкреттүү тарыхый тиби, коомдук мамилелердин белгилүү бир формасы (мисалы: Гегелдин окуусундагы мамлекетке карама-каршы коюлган коом).

Коом – адам болмушунун мейкиндикте жайгашкан жана убакыт боюнча өнүгүп туруучу чөйрөсү, анын жашоосу менен ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү жана өндүрмөсү. Коом адамдардын материалдык турмушту өндүрүү жана кайра өндүрүү процессинде негизделген мамилелеринин суммасы болуп эсептелет.

Коомдун пайда болушу адамдардын өндүрүштүк иш-аракеттеринин зарыл натыйжасы. Өз ишмердүүлүктөрү аркылуу адамдар бири-бири менен коомдук мамилелер деп аталган алакаларды күтүшөт, коомдук мамилелердин жыйындысы адамдардын ишмердүүлүгүнүн социалдык мүнөзүн аныктайт. Өндүрүштүк-материалдыктан тартып интеллектуалдык жана көркөм ишмердүүлүккө чейинки ишмердүүлүктөрдүн түрдүк иерархиясы коомдук мамилелердин иерархиясына шайкеш келет. Өнүккөн коомдун негизги чөйөлөрү болуп өндүрүштүк (экономикалык), социалдык, саясий жана рухий чөйрөлөр эсептелишет.

Коомдун убакыт боюнча өнүгүшү тарыхты жаратат. Тарых муундар аралык тажрыйбаны, маданиятты, маалыматы топтоонун жана өткөрүп берүү сыяктуу социомаданий удаалаштыктын (орус. преемственность) негизинде өнүгөт. Тарыхта болуп жаткан өзгөрүүлөр ар кандай типтеги коомдун, маданияттын алмашышын, адамдын инсан катары өнүгүшүн шарттайт. Өндүрүү процессинде пайда болгон коомдук байланыштар менен мамилелер адамдардын табиятка болгон мамилесин аныктайт.

Коомдун турмушу табият менен тыгыз байланышта. Адамдар табиятты өзгөртүп түзүп, аны өз керектөөлөрүнө ылайыкташтырышат жана коомдун материалдык негизине айландырышат. Адам коомнун жашоосунун жана өнүгүүсүнүн негизин өндүрүш каражаттары жана материалдык байлыкты өндүрүү түзөт. Ошондуктан бардык коомдук мамилелердин ичинен өндүрүштүк, экономикалык мамилелерге башкы роль таандык.




  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8

Other Languages
Afrikaans: Gemeenskap
አማርኛ: ኅብረተሰብ
aragonés: Sociedat
العربية: مجتمع
ܐܪܡܝܐ: ܟܢܫܐ
asturianu: Sociedá
azərbaycanca: Cəmiyyət
تۆرکجه: جامیعه
башҡортса: Йәмғиәт
žemaitėška: Vėsuomenė
беларуская: Грамадства
беларуская (тарашкевіца)‎: Грамадзтва
български: Общество
भोजपुरी: समाज
বাংলা: সমাজ
বিষ্ণুপ্রিয়া মণিপুরী: সমাজ
brezhoneg: Kevredigezh
bosanski: Društvo
буряад: Ниигэм
català: Societat
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Siâ-huôi
нохчийн: Юкъаралла
Cebuano: Katilingban
کوردی: کۆمەڵگە
čeština: Společnost
Чӑвашла: Пĕрлĕх
Cymraeg: Cymdeithas
dansk: Samfund
Ελληνικά: Κοινωνία
English: Society
Esperanto: Socio
español: Sociedad
eesti: Ühiskond
euskara: Gizarte
estremeñu: Sociedá
فارسی: جامعه
Võro: Ütiskund
arpetan: Sociètât
Nordfriisk: Selskap
galego: Sociedade
Avañe'ẽ: Avano'õ
客家語/Hak-kâ-ngî: Sa-fi
हिन्दी: समाज
Fiji Hindi: Samaj
hrvatski: Društvo
Kreyòl ayisyen: Sosyete
magyar: Társadalom
interlingua: Societate
Bahasa Indonesia: Masyarakat
Igbo: Ȯgbà
Ilokano: Kagimongan
ГӀалгӀай: Юкъарле
Ido: Socio
íslenska: Þjóðfélag
日本語: 社会
Patois: Sasayati
la .lojban.: remce'u
Basa Jawa: Bebrayan
ქართული: საზოგადოება
қазақша: Қоғам
ភាសាខ្មែរ: សង្គម
ಕನ್ನಡ: ಸಮಾಜ
한국어: 사회
къарачай-малкъар: Джамагъат
kurdî: Civak
Lingua Franca Nova: Sosia
Limburgs: Maotsjappie
lietuvių: Visuomenė
latviešu: Sabiedrība
Malagasy: Fiaraha-monina
олык марий: Мер
македонски: Општество
മലയാളം: സമൂഹം
монгол: Нийгэм
Bahasa Melayu: Masyarakat
Mirandés: Sociadade
эрзянь: Ломаютко
norsk nynorsk: Samfunn
norsk: Samfunn
occitan: Societat
Livvinkarjala: Yhteskundu
ਪੰਜਾਬੀ: ਸਮਾਜ
Piemontèis: Società
پنجابی: سوسائیٹی
پښتو: ټولنه
português: Sociedade
Runa Simi: Waki
русский: Общество
саха тыла: Дьон-сэргэ
sicilianu: Sucitati
Scots: Society
سنڌي: سماج
srpskohrvatski / српскохрватски: Društvo
සිංහල: සමාජය
Simple English: Society
slovenščina: Družba
chiShona: Chita
shqip: Shoqëria
српски / srpski: Друштво
Kiswahili: Jamii
தமிழ்: சமூகம்
тоҷикӣ: Ҷaмъият
ไทย: สังคม
Tagalog: Lipunan
Türkçe: Toplum
татарча/tatarça: Җәмгыять
українська: Суспільство
اردو: سماج
oʻzbekcha/ўзбекча: Jamiyat
vepsän kel’: Kund
Tiếng Việt: Xã hội
Winaray: Katiringban
吴语: 社會
isiXhosa: Intlalo
მარგალური: ჯარალუა
Yorùbá: Àwùjọ
中文: 社会
Bân-lâm-gú: Siā-hōe
粵語: 社會