Жүгөрү

Жүгөрү.

Жүгөрү (лат. Zea mays, L. 1753) — дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк жана тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү жана морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу жана башка. Жүгөрү Борбордук жана Түштүк Америкадан таралган. Европага 15-кылымдын аягында алып келинген. Россияда 17-кылымдан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кавказ, Орто Азияда (анын ичинен Кыргызстанда) өстүрүлөт. Жүгөрү бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 50-80 смден 5-6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100-150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү дан. 1000 данынын салмагы 50-1100 г, көбүнчө 100-400 г. Данында 9-17% белок, 4-6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65-70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90-150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90-180 кг азот, 45-180 кг фосфор, 30180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы менен сотосунан кагаз, линолеум, вискоза жана башка даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору жана гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт жана башка. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Mielie
Alemannisch: Mais
አማርኛ: በቆሎ
aragonés: Zea mays
العربية: ذرة (نبات)
مصرى: دره
asturianu: Zea mays
Aymar aru: Tunqu
azərbaycanca: Qarğıdalı (bitki)
башҡортса: Шәкәр кукурузы
Boarisch: Gugaruz
Bikol Central: Mais
беларуская: Кукуруза
беларуская (тарашкевіца)‎: Кукуруза
български: Царевица
Bislama: Corn
bamanankan: Kaba
বাংলা: ভুট্টা
བོད་ཡིག: ཨ་ཤོམ།
brezhoneg: Maiz
bosanski: Kukuruz
буряад: Кукуруза
català: Dacsa
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Iù-diĕng-báu
нохчийн: ХьаьжкӀа
Cebuano: Zea mays
ᏣᎳᎩ: ᏎᎷ
Tsetsêhestâhese: Ová'kemâhaemenôtse
کوردی: گەنمەشامی
čeština: Kukuřice setá
Чӑвашла: Чакан тулă
Cymraeg: Indrawn
dansk: Majs
Deutsch: Mais
Thuɔŋjäŋ: Anyuɔl
Zazaki: Lazut
dolnoserbski: Majs
ދިވެހިބަސް: ޒުވާރި
Ελληνικά: Καλαμπόκι
emiliàn e rumagnòl: Furmintòun
English: Maize
Esperanto: Maizo
español: Zea mays
eesti: Mais
euskara: Arto
estremeñu: Zea mays
فارسی: ذرت
Fulfulde: Masarji
suomi: Maissi
Võro: Mais
Na Vosa Vakaviti: Sila
føroyskt: Mais
français: Maïs
Nordfriisk: Meis (slach)
furlan: Blave
贛語: 粟米
galego: Millo
Avañe'ẽ: Avati
Bahasa Hulontalo: Binte
ગુજરાતી: મકાઈ
Hausa: Masara
客家語/Hak-kâ-ngî: Pâu-siuk
עברית: תירס
हिन्दी: मक्का (अनाज)
hrvatski: Kukuruz
hornjoserbsce: Prawa kukurica
Kreyòl ayisyen: Mayi
հայերեն: Եգիպտացորեն
interlingua: Zea mays
Bahasa Indonesia: Jagung
Ilokano: Mais
ГӀалгӀай: ХьажкӀа
Ido: Maizo
íslenska: Maís
italiano: Zea mays
Patois: Kaan
la .lojban.: zumri
Basa Jawa: Jagung
ქართული: სიმინდი
Адыгэбзэ: Нартыху
Kabɩyɛ: Saamɩɖɛ
Kongo: Disângu
қазақша: Жүгері
한국어: 옥수수
къарачай-малкъар: Нартюх
kurdî: Garis
Latina: Zea mays
Ladino: Mais
Lëtzebuergesch: Mais
Lingua Franca Nova: Mais
Limburgs: Meis
Ligure: Granon
lumbaart: Zea mays
lingála: Lisángú
latviešu: Kukurūza
मैथिली: मकै
Basa Banyumasan: Jagung
македонски: Пченка
മലയാളം: ചോളം
मराठी: मका
Bahasa Melayu: Jagung
မြန်မာဘာသာ: ပြောင်းဖူး
مازِرونی: کوگندم
Nāhuatl: Cintli
Napulitano: Granone
नेपाली: मकै
नेपाल भाषा: कःनि
Nederlands: Mais
norsk nynorsk: Mais
norsk: Mais
Diné bizaad: Naadą́ą́ʼ
occitan: Milh
ଓଡ଼ିଆ: ମକା
Ирон: Нартхор
ਪੰਜਾਬੀ: ਮੱਕੀ
Kapampangan: Mais
Deitsch: Welschkann
Piemontèis: Melia
پنجابی: مکی
Ποντιακά: Λαζούδ
پښتو: جوار
português: Milho
Runa Simi: Sara
română: Porumb
armãneashti: Câlâmbuchiu
русский: Кукуруза
Kinyarwanda: Ikigori
саха тыла: Кукурууза
ᱥᱟᱱᱛᱟᱲᱤ: ᱡᱚᱱᱚᱲᱟ
sicilianu: Zea mays
Scots: Maize
سنڌي: مڪئي
srpskohrvatski / српскохрватски: Kukuruz
සිංහල: බඩ ඉරිඟු
Simple English: Maize
slovenčina: Kukurica siata
slovenščina: Koruza
chiShona: Chibage
Soomaaliga: Galley
shqip: Misri
српски / srpski: Кукуруз
Seeltersk: Turske Weete
Basa Sunda: Jagong
svenska: Majs
Kiswahili: Muhindi
తెలుగు: మొక్కజొన్న
Tagalog: Mais
Setswana: Mmidi/Mmopo
lea faka-Tonga: Koane
Türkçe: Mısır (bitki)
татарча/tatarça: Кукуруз
chiTumbuka: Chingoma
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: كۆممىقوناق
українська: Кукурудза
اردو: مکئی
oʻzbekcha/ўзбекча: Makkajoʻxori
vèneto: Zea mays
vepsän kel’: Kukuruz
Tiếng Việt: Ngô
Volapük: Mait
Winaray: Maís
吴语: 玉米
მარგალური: ლაიტი
ייִדיש: קוקורוזע
Yorùbá: Àgbàdo
Vahcuengh: Haeuxyangz
中文: 玉米
Bân-lâm-gú: Hoan-be̍h
粵語: 粟米