Жаңгак

Жаңгак.

Жаңгак - грек жаңгагы (лат. Juglans regia, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн жаңгактар тукумундагы уруусу. Бийиктиги 5–50 мге чейин жеткен, жалбырагын күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 витаминдери бар. Анын 20дай түрү көбүнчө Түндүк Европа, Чыгыш Азия, Түндүк жана Түштүк Американын мелүүн, субтропик, тропик алкактарында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү негизинен тоодогу жазы жалбырактуу аралаш токойлордо кезигет. Кыргызстанда Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун түштүк-батыш беттеринде өнүп-өсүүсү үчүн өзгөчө табигый чөйрөнү талап кылуучу торгой флорасынын калдыгы – дүйнөдөгү ири жаңгак токою өсөт. Аянты 35 миң га жерди ээлейт. Жаңгак мөмө дарагы катары, ошондой эле кооздук үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, кабыгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы тамак-ашка пайдаланылат, ошондой эле лак, самын жасоодо керектелет.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Okkerneut
العربية: جوز
asturianu: Nuez
български: Орех (ядка)
বাংলা: আখরোট
corsu: Noce
čeština: Vlašský ořech
डोटेली: ओखण
Ελληνικά: Καρύδι
English: Walnut
euskara: Intxaur
فارسی: مغز گردو
français: Noix
Gaeilge: Gallchnó
गोंयची कोंकणी / Gõychi Konknni: Akrutt
हिन्दी: अखरोट (फल)
հայերեն: Ընկույզ
Bahasa Indonesia: Kacang kenari
Ido: Nuco
italiano: Noce (frutto)
ಕನ್ನಡ: ಅಖ್ರೋಟ್
한국어: 호두
Lëtzebuergesch: Noss
latviešu: Valrieksts
मराठी: अक्रोड
Nederlands: Walnoot (vrucht)
Diné bizaad: Haʼałtsédii
occitan: Notz
ਪੰਜਾਬੀ: ਅਖਰੋਟ (ਬੀਜ)
پښتو: غوز
سنڌي: اکروٽ
中文: 核桃
粵語: 合桃仁