Дифракция

Дифракция (лат. diааractus – сынган), 1) толкундун дифракциясы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Дифракция бардык толкундарда ( үн, электр-магнит жана башка) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу менен чамалаш болууга тийиш. Дифракция кубулушунда толкун тоскоолдун көлөкө жагына карай ийилип өтүү менен таралат. Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуштун угулушу да үн толкунунун дифракциясы менен түшүндүрүлөт, ошондой эле жер бетинин айланасындагы радиотолкундун дифракциясы алыс жайгашкан антеннанын узун жана орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 2) Рентген нурунун дифракциясы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй чачыратышы. Табигый дифракция торчосу болгон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, дифракция пайда болот. Анткени торчодогу атомдор аралыгы рентген нурунун толкун узундугуна чамалаш. Толкундун дифракциясы микробөлүкчөнүн табиятын изилдөөдө зор мааниге ээ. Дифракция спектр приборлорунда пайдаланылат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Other Languages
العربية: حيود
беларуская: Дыфракцыя
български: Дифракция
বাংলা: অপবর্তন
català: Difracció
čeština: Difrakce
Cymraeg: Diffreithiant
Ελληνικά: Περίθλαση
English: Diffraction
Esperanto: Difrakto
فارسی: پراش
suomi: Diffraktio
français: Diffraction
Gaeilge: Díraonadh
galego: Difracción
עברית: עקיפה
हिन्दी: विवर्तन
hrvatski: Ogib
Kreyòl ayisyen: Difraksyon
magyar: Diffrakció
Հայերեն: Դիֆրակցիա
Bahasa Indonesia: Difraksi
italiano: Diffrazione
日本語: 回折
қазақша: Дифракция
한국어: 회절
lietuvių: Difrakcija
latviešu: Difrakcija
മലയാളം: വിഭംഗനം
монгол: Дифракц
मराठी: विवर्तन
Nederlands: Diffractie
norsk nynorsk: Diffraksjon
ਪੰਜਾਬੀ: ਵਿਵਰਤਨ
polski: Dyfrakcja
Piemontèis: Difrassion
português: Difração
română: Difracție
русский: Дифракция
sicilianu: Diffrazzioni
srpskohrvatski / српскохрватски: Difrakcija
සිංහල: විවර්තනය
Simple English: Diffraction
slovenčina: Difrakcia
slovenščina: Uklon
chiShona: Bvurunuro
српски / srpski: Дифракција
Basa Sunda: Difraksi
svenska: Diffraktion
తెలుగు: వివర్తనం
Türkçe: Kırınım
українська: Дифракція
اردو: انکسار
Tiếng Việt: Nhiễu xạ
中文: 衍射