Диего Веласкес

Веласкес [чыныгы аты-жөнү – Родригес де Сильва Веласкес Диего (1599, Севилья – 1660, Мадрид] – испан живописчиси. Севильяда Ф. Де Эррера Старший менен Ф. Пачекодон (1610–16) таалим алган. Ал жерде 1623-жылга чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармалар (“Эртең мененки тамак”, 1617-ж. чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. В. Караваджонун салтын улантып, фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчө-лүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. В. 1623-ж. Мадридге көчүп барып, король сүрөтчүсү болгон. Королдук сүрөттөр жыйнагы жана италиялык сүрөт искусствосу (асыресе, Тициандын чыгармалары) менен таанышканы, о. эле П. П. Рубенске жолукканы В-тин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган “Вакх”, “Вулкандын кузницасы” (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. В-тин “Бреданы тапшыруу” деген картинасы европалык тарыхый живопистин негизин түзгөн. В. портреттердин (герцог Оливарес, Хуан Матеос, “Желпингич кармаган айым” ж. б.) да автору. В-тин “Лас Менинас” (1656), “Жип ийирүүчүлөр” (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыг-лык методуна чындыкты бүткүл байлыгы жана карама-каршылыгы менен терең изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. В-тен мурас калган чыгармалар XVII кылымдагы испан сүрөт искусствосу менен дүйнөлүк реалисттик искусствонун эң мыкты үлгүлөрүнөн.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Diego Velázquez
aragonés: Diego Velázquez
asturianu: Diego Velázquez
Aymar aru: Diego Velázquez
azərbaycanca: Dieqo Velaskes
башҡортса: Диего Веласкес
žemaitėška: Diegs Velaskesos
беларуская: Дыега Веласкес
беларуская (тарашкевіца)‎: Дыега Вэляскес
български: Диего Веласкес
brezhoneg: Diego Velázquez
čeština: Diego Velázquez
Esperanto: Diego Velázquez
estremeñu: Diego Velázquez
føroyskt: Diego Velázquez
français: Diego Vélasquez
贛語: 韋拿克
Fiji Hindi: Diego Velázquez
interlingua: Diego Velázquez
Bahasa Indonesia: Diego Velázquez
íslenska: Diego Velázquez
Qaraqalpaqsha: Diego Velázquez
Адыгэбзэ: Диего Веласкес
kalaallisut: Diego Velázquez
Lëtzebuergesch: Diego Velázquez
Lingua Franca Nova: Diego Velazquez
latviešu: Djego Velaskess
олык марий: Веласкес, Диего
македонски: Диего Веласкес
Bahasa Melayu: Diego Velázquez
Mirandés: Diego Velázquez
norsk nynorsk: Diego Velázquez
Kapampangan: Diego Velázquez
Piemontèis: Diego Velázquez
português: Diego Velázquez
Runa Simi: Diego Velázquez
tarandíne: Diego Velázquez
русиньскый: Дієґо Веласкес
саха тыла: Веласкес Диего
srpskohrvatski / српскохрватски: Diego Velázquez
Simple English: Diego Velázquez
slovenščina: Diego Velázquez
Soomaaliga: Diego Velázquez
српски / srpski: Дијего Веласкез
Kiswahili: Diego Velázquez
татарча/tatarça: Diego Velaskes
українська: Дієго Веласкес
oʻzbekcha/ўзбекча: Diego Velázquez
vepsän kel’: Velaskes Diego
Tiếng Việt: Diego Velázquez
მარგალური: დიეგო ველასკესი
Bân-lâm-gú: Diego Velázquez