Вестфаль тынчтыгы

Вестфаль тынчтыгы ( 1648) Европадагы Отуз жылдык согушту ( 16181648) аяктаткан.

Ал эки договордон турат: биринчиси Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы жана анын союздаштары менен Швеция жана анын союздаштарынын ортосунда түзүлгөн; экинчиси Мюнстер шаарында им­ператор союздаштары менен Франция жана анын союздаштарынын ортосун­да 1648-ж. 24-октябрда түзүлгөн.

Вестфаль тынчтыгыча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар ш-н, Бремен, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция тологон. Швеция империялык сеймго өз денутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестфаль тынчтыгы кальвинчилерди католиктер жана лютерандар менен бирдей укукка теңеген. Испания жана Австрия Габсбургдары жецилсе да, Вестфаль тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес. Вестфаль сүйлөшүүлөрүндө Франция өкмөтү Габсбургдар менен мамилени оңдош үчүн көп нерсеге макул боло берген.


  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Other Languages
aragonés: Paz de Westfalia
العربية: صلح وستفاليا
asturianu: Paz de Westfalia
azərbaycanca: Vestfaliya sülhü
беларуская: Вестфальскі мір
Esperanto: Vestfalia Paco
hrvatski: Westfalski mir
Bahasa Indonesia: Perdamaian Westfalen
Lëtzebuergesch: Westfälesche Fridden
македонски: Вестфалски мир
norsk nynorsk: Freden i Westfalen
português: Paz de Vestfália
русиньскый: Вестфалскый мир
srpskohrvatski / српскохрватски: Westfalski mir
Simple English: Peace of Westphalia
slovenčina: Vestfálsky mier
slovenščina: Vestfalski mir
српски / srpski: Вестфалски мир
татарча/tatarça: Westfaliä solıxı
українська: Вестфальський мир
Tiếng Việt: Hòa ước Westfalen