Буу эларалык соту

Буу эларалык соту – БУУнун 6 башкы органдарынын бири жана ушул уюмдун башкы сот органы. 1945-жылдын 26-июнунда кол коюлуп, 1945-жылдын 24-октябрында күчүнө кирген БУУ эларалык сотунун статуту БУУ уставынын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Сот анын статутуна ылайык өз аттарынан чыгуучу 15 соттон турат. Сот тарабынан каралган иштердин тараптары мамлекет гана боло алат. БУУ Э. с-нун юрисдикциясы ар бир конкреттүү ишке карата талашкан тараптардын атайын макулдашууларына байланыштуу, болбосо мамлекеттин ушул органдын юрисдикциясын кабылдоосу жөнүндө билдирүүсүнөн улам пайда болот. Жайгашкан жери – Гаага (Нидерланддар).

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
беларуская (тарашкевіца)‎: Міжнародны Суд ААН
ગુજરાતી: વિશ્વ અદાલત
Bahasa Indonesia: Mahkamah Internasional
къарачай-малкъар: БМО-ну Халкъла арасы сюдю
پنجابی: عالمی عدالت
русиньскый: Міджінародный суд
srpskohrvatski / српскохрватски: Međunarodni sud pravde
slovenščina: Meddržavno sodišče
татарча/tatarça: BMO Xalıqara Mäxkämäse
українська: Міжнародний суд
oʻzbekcha/ўзбекча: Xalqaro sud
吴语: 国际法院
中文: 国际法院
粵語: 國際法庭