Бром

Бром.

Бром (латынча Bromum), Br – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган элемент. Атомдук номери 35, атому 79,904, галогендерге кирет. 1826-ж. франциялык химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон 79Br, 81Br турат. Жер кыртышында 1,6 10–4%ти түзөт. Ал кызыл-күрөң түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t 7° С. Бромдуу туздар (KBr, NaBr, MgBr2) түрүндө көл, деңиз, нефть сууларында жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы, сууда аз эрийт. Бромдун 3%түү эритмеси бромдуу суу деп аталат. Химиялык активдүүлүгү боюнча хлор менен иоддун ортосунда турат. Иодду бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ал эми бромду анын бирикмелеринен хлор сүрүп чыгат. Бирикмелеринде валенттүүлүгү –1ден+7ге чейин. Көпчүлүк элементтер менен реакцияга активдүү кирет. Көмүртек, азот, кычкылтек менен түздөн-түз кошулбайт, ошондуктан алардын бирикмелери кыйыр жолдор менен алынат. Суутек менен ысытканда гана реакцияга кирип, бромдуу суутекти пайда кылат. Анын суудагы эритмеси бромдуу суутек кислотасы. Бул кислотанын туздары бромиддер деп аталат. Бром кислотасынын туздары броматтар, түссүз кристаллдар, жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Бром кислотасы жана анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, эркин бромго чейин калыбына келет. Деңиз сууларынан, суу өсүмдүктөрүнөн, ошондой эле калийдин бромдуу бирикмелеринен химиялык жол менен алынат. Бром органикалык синтезде, анализдик химияда жана окистендиргич катары колдонулат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Afrikaans: Broom
አማርኛ: ብሮሚን
aragonés: Bromo
العربية: بروم
asturianu: Bromu
azərbaycanca: Brom
беларуская: Бром
беларуская (тарашкевіца)‎: Бром
български: Бром
भोजपुरी: ब्रोमीन
বাংলা: ব্রোমিন
བོད་ཡིག: རྦོར་མིན།
brezhoneg: Brom
bosanski: Brom
català: Brom
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Chéu (nguòng-só)
Cebuano: Bromo
کوردی: برۆم
corsu: Bromu
čeština: Brom
Чӑвашла: Бром
Cymraeg: Bromin
dansk: Brom
Deutsch: Brom
Ελληνικά: Βρώμιο
English: Bromine
Esperanto: Bromo
español: Bromo
eesti: Broom
euskara: Bromo
فارسی: برم
suomi: Bromi
føroyskt: Brom
français: Brome
Nordfriisk: Brom
furlan: Brom
Gaeilge: Bróimín
贛語:
Gàidhlig: Bròmain
galego: Bromo
ગુજરાતી: બ્રોમિન
Gaelg: Bromeen
客家語/Hak-kâ-ngî: Chhiu
עברית: ברום
हिन्दी: ब्रोमीन
Fiji Hindi: Bromine
hrvatski: Brom
Kreyòl ayisyen: Bwòm
magyar: Bróm
հայերեն: Բրոմ
interlingua: Bromo
Bahasa Indonesia: Bromin
Ido: Bromo
íslenska: Bróm
italiano: Bromo
日本語: 臭素
la .lojban.: xunkliru
Basa Jawa: Brom
ქართული: ბრომი
Kabɩyɛ: Purom
қазақша: Бром
ಕನ್ನಡ: ಬ್ರೋಮಿನ್
한국어: 브로민
коми: Бром
Latina: Bromium
Lëtzebuergesch: Brom
Limburgs: Broeam
Ligure: Brommo
lumbaart: Brom
lietuvių: Bromas
latviešu: Broms
Māori: Pūkane
македонски: Бром
മലയാളം: ബ്രോമിൻ
монгол: Бром
मराठी: ब्रोमीन
кырык мары: Бром
Bahasa Melayu: Bromin
မြန်မာဘာသာ: ဘရိုမင်း
эрзянь: Бром
Plattdüütsch: Brom
नेपाली: ब्रोमिन
नेपाल भाषा: ब्रोमिन
Nederlands: Broom (element)
norsk nynorsk: Brom
norsk: Brom
occitan: Bròme
Livvinkarjala: Brom
ଓଡ଼ିଆ: ବ୍ରୋମିନ
ਪੰਜਾਬੀ: ਬ੍ਰੋਮੀਨ
पालि: ब्रोमिन
polski: Brom
Piemontèis: Bròm
پنجابی: برومائن
português: Bromo
Runa Simi: Bromu
română: Brom
armãneashti: Bromu
русский: Бром
संस्कृतम्: ब्रोमिन
sicilianu: Bromu
Scots: Bromine
srpskohrvatski / српскохрватски: Brom
Simple English: Bromine
slovenčina: Bróm
slovenščina: Brom
Soomaaliga: Boromiin
shqip: Bromi
српски / srpski: Бром
Seeltersk: Bromium
Basa Sunda: Bromin
svenska: Brom
Kiswahili: Bromi
தமிழ்: புரோமின்
తెలుగు: బ్రోమిన్
тоҷикӣ: Бром
Tagalog: Bromina
Türkçe: Brom
татарча/tatarça: Бром
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: بروم
українська: Бром
اردو: برومین
oʻzbekcha/ўзбекча: Brom
vepsän kel’: Brom
Tiếng Việt: Brom
Winaray: Bromo
吴语:
хальмг: Бром
ייִדיש: בראם
Yorùbá: Brómìnì
中文:
文言:
Bân-lâm-gú: Chhàu-sò͘
粵語: