Бандунг шаары

Бандунг (2014).

Бандунг шаары - Индонезиядагы шаар. Ява аймагында жайгашкан. Батыш Ява провинциясынын адмминистрация борбору. Калкы 1,7 млн (2005, агломерациясында 5,5 млн). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4шаар. Ява аймагынын батышында деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан тоо курорту. Жакарта шаарынан 100 км түштүк-чыгышта. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Текстиль, хинин чыгаруучу, электр-техника, резина-техника, консерва, металл иштетүү жана машина куруу ишканалары, авиация заводдору иштейт. Пастер, техникалык институттары, менчик ЖОЖдор (ислам жана католик ж. б. университеттери), сүрөт өнөр жана геология музейлери, Лембанг (Босха) обсерваториясы, илим-изилдөө институттары (анын ичинде ядро энергетика борбору) бар. Өлкөнүн ири соода жана өнөржай борбору. Туризм өнүккөн. 1955-ж. Бандунгда Азия жана Африка өлкөлөрү конференция өтүп, тынчтыкта жанаша жашоонун беш принциби кабыл алынган. 1810-ж. негизделген.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Other Languages
Acèh: Bandung
Afrikaans: Bandoeng
العربية: باندونغ
azərbaycanca: Bandunq
تۆرکجه: باندونگ
беларуская: Бандунг
български: Бандунг
Bahasa Banjar: Kuta Bandung
বাংলা: বানদুং
буряад: Бандунг
català: Bandung
нохчийн: Бандунг
čeština: Bandung
Cymraeg: Bandung
dansk: Bandung
Deutsch: Bandung
Ελληνικά: Μπαντούνγκ
English: Bandung
Esperanto: Bandungo
español: Bandung
euskara: Bandung
فارسی: باندونگ
suomi: Bandung
français: Bandung
Frysk: Bandûng
galego: Bandung
Bahasa Hulontalo: Kota Bandung
Hausa: Bandung
עברית: באנדונג
हिन्दी: बानदुंग
hrvatski: Bandung
magyar: Bandung
հայերեն: Բանդունգ
Bahasa Indonesia: Kota Bandung
italiano: Bandung
Basa Jawa: Kutha Bandhung
ქართული: ბანდუნგი
қазақша: Бандуң
kalaallisut: Bandung
한국어: 반둥
Latina: Bandung
lietuvių: Bandungas
latviešu: Banduna
Basa Banyumasan: Kota Bandung
Malagasy: Kota Bandung
Māori: Bandung
मराठी: बांडुंग
Bahasa Melayu: Bandung
မြန်မာဘာသာ: ဘန်ဒေါင်းမြို့
Nederlands: Bandung
norsk nynorsk: Bandung
norsk: Bandung
polski: Bandung
پنجابی: بنڈونگ
português: Bandung
română: Bandung
русский: Бандунг
Scots: Bandung
slovenščina: Bandung
shqip: Bandung
српски / srpski: Бандунг
Basa Sunda: Kota Bandung
svenska: Bandung
Kiswahili: Bandung
தமிழ்: பண்டுங்
Tagalog: Bandung
Türkçe: Bandung
українська: Бандунг
اردو: بندونگ
vepsän kel’: Bandung
Tiếng Việt: Bandung
Winaray: Bandung
吴语: 万隆
中文: 萬隆
Bân-lâm-gú: Bandung
粵語: 萬隆