Баку

Борбор кала
Баку
азе. Bakı Baku Montage
Герб
Герб
ӨлкөАзербайжан
Координаттар40°21′N 49°50′E / 40°21′N 49°50′E / 40.350; 49.833
МэрГаджибала Абуталыбов
Биринчи белгиленгенV кылым
Аймагы2150 км²
Климатынын тибисубтропиктик
Калкы2181800 адамды (2014)
Убакыт аралыгыUTC+4, жайында UTC+5
Телефон коду+994 1
Почта индекстериAZ1000
AZ1002
AZ1006
AZ1044
AZ1063
AZ1072
Баку (Азербайжан)
Locator Dot2.gif
Баку

Баку (азе. Bakı) — Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жана анын түштук-батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасы менен 1,8 млн). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актоо (Актау Казакстан) ш. менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагыдагы жазмаларда, ошондой эле 9-10-кылымдагы географтардын (аль-Истахри, аль-Масуди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-кылымда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-кылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван падышалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-ж. Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-ж. орус аскерлери караткан. 1735-ж. ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку хандыгынын борбору болуп калган. 1804-13-ж. орус иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга кошулган (1806). 1917-ж. 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-ж. 31июлда ички жана тышкы контррев-ячыл күчтөрдүн аракети менен Совет бийлиги кулатылат.1920-ж. 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айланган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору.Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чептин ички аймагында Мухаммед мечити жана Сынык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала мунарасы (12-кылымда кайрадан курулган), ширваншах сарайлар ансамбли (15-к.), Жума мечити (14-к.), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суусактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чеггги айланта курулуштар башталган. 1920-кылымда эллектизм жана модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-ж. шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт жана парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө археология О. Дадашев менен М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан ), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.Баку өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен 17си мамлекеттики), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия жана спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921,1991-жылдан У. Гажибеков атындагы Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атндагы опера жана балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми жана элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт галериясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар. Баку Азербайжандын ири өнөржай (республикасынын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефтьхимиялык (шина, тиричилик химиясы), кара жана түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөржайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта фабрикасы), электртехникалык, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөржайлары бар.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Other Languages
Acèh: Baku
адыгабзэ: Баку
Afrikaans: Bakoe
Akan: Baku
አማርኛ: ባኩ
aragonés: Bacú
Ænglisc: Baku
العربية: باكو
مصرى: باكو
asturianu: Bakú
авар: Баку
azərbaycanca: Bakı
تۆرکجه: باکی
башҡортса: Баҡы
беларуская: Баку
беларуская (тарашкевіца)‎: Баку
български: Баку
বাংলা: বাকু
བོད་ཡིག: པཱ་ཁི།
brezhoneg: Bakou
bosanski: Baku
буряад: Баку
català: Bakú
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Baku
нохчийн: Бакох
Cebuano: Baku City
کوردی: باکوو
qırımtatarca: Baqu
čeština: Baku
Чӑвашла: Баку
Cymraeg: Baku
dansk: Baku
Deutsch: Baku
Zazaki: Bakı
dolnoserbski: Baku
Ελληνικά: Μπακού
English: Baku
Esperanto: Bakuo
español: Bakú
eesti: Bakuu
euskara: Baku
فارسی: باکو
Fulfulde: Baku
suomi: Baku
Võro: Bakuu
føroyskt: Baku
français: Bakou
arpetan: Bakou
Frysk: Bakû
Gaeilge: Bakı
Gagauz: Baku
Gàidhlig: Baku
galego: Bakú
客家語/Hak-kâ-ngî: Baku
עברית: באקו
हिन्दी: बाकू
Fiji Hindi: Baku
hrvatski: Baku
hornjoserbsce: Baku
Kreyòl ayisyen: Bakou
magyar: Baku
Հայերեն: Բաքու
Bahasa Indonesia: Baku
Interlingue: Baku
Ilokano: Baku
Ido: Baku
íslenska: Bakú
italiano: Baku
日本語: バクー
Basa Jawa: Baku
ქართული: ბაქო
Qaraqalpaqsha: Baku
Taqbaylit: Baku
Адыгэбзэ: Баку
Kongo: Baku
қазақша: Баку
ಕನ್ನಡ: ಬಾಕು
한국어: 바쿠
kurdî: Bakû
коми: Баку
Latina: Bacua
Ladino: Baku
Lëtzebuergesch: Baku
лезги: Баку
Ligure: Baku
lumbaart: Baku
lingála: Baku
لۊری شومالی: باکۊ
lietuvių: Baku
latviešu: Baku
мокшень: Баку
Malagasy: Baku
олык марий: Баку
Māori: Baku
македонски: Баку
മലയാളം: ബാകു
монгол: Баку
मराठी: बाकू
Bahasa Melayu: Baku
Malti: Baku
မြန်မာဘာသာ: ဗားကူးမြို့
эрзянь: Баку ош
مازِرونی: باکو
Dorerin Naoero: Baku
नेपाल भाषा: बाकु
Nederlands: Bakoe
norsk nynorsk: Baku
norsk: Baku
Novial: Baku
Chi-Chewa: Baku
occitan: Bakó
Ирон: Баку
ਪੰਜਾਬੀ: ਬਾਕੂ
Papiamentu: Baku
Norfuk / Pitkern: Baku
polski: Baku
Piemontèis: Baku
پنجابی: باکو
پښتو: باکو
português: Baku
Runa Simi: Baku
română: Baku
tarandíne: Baku
русский: Баку
Kinyarwanda: Baku
саха тыла: Баку
sardu: Baku
sicilianu: Baku
Scots: Baku
davvisámegiella: Baku
srpskohrvatski / српскохрватски: Baku
සිංහල: බාකු
Simple English: Baku
slovenčina: Baku
slovenščina: Baku
chiShona: Baku
shqip: Baku
српски / srpski: Баку
Sranantongo: Baku
Basa Sunda: Baku
svenska: Baku
Kiswahili: Baku
ślůnski: Baku
தமிழ்: பக்கூ
tetun: Baku
тоҷикӣ: Боку
ไทย: บากู
Türkmençe: Baku
Tagalog: Baku
Türkçe: Bakü
татарча/tatarça: Бакы
тыва дыл: Бакы
удмурт: Баку
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: Baku
українська: Баку
اردو: باکو
oʻzbekcha/ўзбекча: Boku
vèneto: Bakù
vepsän kel’: Baku
Tiếng Việt: Baku
West-Vlams: Baku
Volapük: Bakı
Winaray: Baku
Wolof: Baku
მარგალური: ბაქო
ייִדיש: באקו
Yorùbá: Baku
中文: 巴库
Bân-lâm-gú: Baku
粵語: 巴庫