Асыл металлдар

Асыл металлдар - дат баспаган, жаратылышта сейрек кездешүүчү металлдар. Аларга: алтын Au, күмүш Ag, платина Pt ж-а платина тобундагы (иридий Ir, осмий Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу - алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан хим. реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо ж-а тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын химиялык идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С температурада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү - эталон жасалган. Аны м-н бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, ошондой эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеңири колдонулат.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Other Languages
Afrikaans: Edelmetaal
العربية: فلزات نبيلة
català: Metall noble
dansk: Ædelmetal
Deutsch: Edelmetalle
Ελληνικά: Ευγενή μέταλλα
English: Noble metal
Esperanto: Nobla metalo
español: Metal noble
français: Métal noble
Bahasa Indonesia: Logam mulia
italiano: Metallo nobile
Lëtzebuergesch: Edelmetall
Limburgs: Aedelmetaal
lietuvių: Taurieji metalai
монгол: Үнэт металл
Bahasa Melayu: Logam adi
Nederlands: Edelmetaal
norsk nynorsk: Edelmetall
ਪੰਜਾਬੀ: ਨੋਬਲ ਧਾਤਾਂ
português: Metal nobre
srpskohrvatski / српскохрватски: Plemeniti metal
Simple English: Noble metal
српски / srpski: Племенити метал
svenska: Ädelmetall
Kiswahili: Metali adimu
Türkçe: Soy metal
українська: Благородні метали
oʻzbekcha/ўзбекча: Asl metallar
粵語: 惰性金屬