Амстердам
English: Amsterdam

Шаар
Амстердам
Amsterdam
ЖелекГерб
ЖелекГерб
ӨлкөНидерланд
Координаттар52°23′N 4°54′E / 52°23′N 4°54′E / 52.383; 4.900
БургомистрЭберхард ван дер Лан
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген1275
Аянты219,4 км²
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы821 926 адам (2014)
Жыштыгы4768 адам/км²
Этнохоронимамстердамдык, амстердамдыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+31 020
Почта индекстери10xx
Расмий сайтыhttp://www.amsterdam.nl/  (нидерл.)

Амстердам (Amsterdam, алгач Amstellebamme «Амстел дарыясындагы плотина») – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу жана экономикалык борбору. Калкы 745 миң (2005; шаар айланасы менен 1,1 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Амстел дарыянын чатында, Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи менен кеме жүрүүчү эки канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн тонна жүк ташылат). Рейн дарыясы менен дагы канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү. Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң ири) бар. Метрополитен иштейт.

Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-кылымда ири соода борбору болгон. 16-кылымдын аягында 17-кылымдын башында биржа жана ошол кездеги ири европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода жана кредит борборуна айланган. 16–17-кылымда Португалия жана Германиядан (еврейлер) жана Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Республикасынын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон. Амстредам – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен), Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски бөлүгүндө 50гө жакын канал, 500дөн ашык көпүрө (1610–62) бар. Орто кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488; 1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-кылымдардагы мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-кылым.) жана Жаңы (15–16-кылым), Түндүк жана Чыгыш чиркөөлөрү (экөө тең 17-кылым) сакталган. Шаарда Илимдер академиясы, 2 университет, консерватория (1884), театралдык институт, ири китепканалар, музейлер (анын ичинде Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. Амстердам – байыркы музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири. Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү жана балдар киносу жана башка фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация, кеме куруу, электр техника, электроника), хим. (полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика жана башка), нефть ажыратуу, полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе, кокос майы жана башка) өнөр жайы бар. 1928-ж. IX Олимпиада оюндары өткөрүлгөн. Салт болуп калган ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо кеңири өнүккөн.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Acèh: Amsterdam
Afrikaans: Amsterdam
Akan: Amsterdam
Alemannisch: Amsterdam
አማርኛ: አምስተርዳም
aragonés: Amsterdam
Ænglisc: Amsterdam
العربية: أمستردام
ܐܪܡܝܐ: ܐܡܣܛܪܕܐܡ
asturianu: Ámsterdam
azərbaycanca: Amsterdam
تۆرکجه: آمستردام
башҡортса: Амстердам
Boarisch: Amsterdam
žemaitėška: Amsterdams
Bikol Central: Amsterdam
беларуская: Амстэрдам
беларуская (тарашкевіца)‎: Амстэрдам
български: Амстердам
भोजपुरी: एम्सटर्डम
Banjar: Amsterdam
bamanankan: Amsterdam
brezhoneg: Amsterdam
bosanski: Amsterdam
буряад: Амстердам
català: Amsterdam
Chavacano de Zamboanga: Amsterdam
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Amsterdam
нохчийн: Амстердам
Cebuano: Amsterdam
qırımtatarca: Amsterdam
čeština: Amsterdam
kaszëbsczi: Amsterdam
Чӑвашла: Амстердам
Cymraeg: Amsterdam
dansk: Amsterdam
Deutsch: Amsterdam
Zazaki: Amsterdam
dolnoserbski: Amsterdam
Ελληνικά: Άμστερνταμ
emiliàn e rumagnòl: Amsterdam
English: Amsterdam
Esperanto: Amsterdamo
español: Ámsterdam
eesti: Amsterdam
euskara: Amsterdam
estremeñu: Ámsterdam
فارسی: آمستردام
suomi: Amsterdam
Võro: Amsterdam
Na Vosa Vakaviti: Amsterdam
føroyskt: Amsterdam
français: Amsterdam
arpetan: Amstèrdame
Nordfriisk: Amsterdam
furlan: Amsterdam
Frysk: Amsterdam
Gaeilge: Amstardam
Gagauz: Amsterdam
Gàidhlig: Amsterdam
galego: Ámsterdam
Avañe'ẽ: Amterdam
Gaelg: Amsterdam
Hausa: Amsterdam
客家語/Hak-kâ-ngî: Amsterdam
עברית: אמסטרדם
Fiji Hindi: Amsterdam
hrvatski: Amsterdam
hornjoserbsce: Amsterdam
Kreyòl ayisyen: Amstèdam
magyar: Amszterdam
հայերեն: Ամստերդամ
Արեւմտահայերէն: Ամսթերտամ
interlingua: Amsterdam
Bahasa Indonesia: Amsterdam
Interlingue: Amsterdam
Ilokano: Amsterdam
ГӀалгӀай: Амстердам
íslenska: Amsterdam
italiano: Amsterdam
Jawa: Amsterdam
ქართული: ამსტერდამი
Qaraqalpaqsha: Amsterdam
Taqbaylit: Amsterdam
Kabɩyɛ: Amstɛrɩdam
қазақша: Амстердам
한국어: 암스테르담
Перем Коми: Амстердам
къарачай-малкъар: Амстердам
kurdî: Amsterdam
kernowek: Amsterdam
Latina: Amstelodamum
Ladino: Amsterdam
Lëtzebuergesch: Amsterdam
лезги: Амстердам
Lingua Franca Nova: Amsterdam
Limburgs: Amsterdam
Ligure: Amsterdam
lumbaart: Amsterdam
لۊری شومالی: آمستردام
lietuvių: Amsterdamas
latviešu: Amsterdama
мокшень: Амстердам
Māori: Amsterdam
македонски: Амстердам
монгол: Амстердам
кырык мары: Амстердам
Bahasa Melayu: Amsterdam
Malti: Amsterdam
မြန်မာဘာသာ: အမ်စတာဒမ်မြို့
Dorerin Naoero: Amsterdam
Nāhuatl: Amsterdam
Napulitano: Amsterdam
Plattdüütsch: Amsterdam
Nedersaksies: Amsterdam
नेपाली: आम्स्टर्डम
नेपाल भाषा: एम्स्तरद्याम
Nederlands: Amsterdam
norsk nynorsk: Amsterdam
norsk: Amsterdam
Novial: Amsterdam
Nouormand: Amsterdam
Chi-Chewa: Amsterdam
occitan: Amsterdam
Livvinkarjala: Amsterdamu
ਪੰਜਾਬੀ: ਅਮਸਤੱਰਦਮ
Kapampangan: Amsterdam
Papiamentu: Amsterdam
Picard: Amsterdam
polski: Amsterdam
Piemontèis: Àmsterdam
پنجابی: ایمسٹرڈیم
português: Amesterdão
Runa Simi: Amsterdam
rumantsch: Amsterdam
română: Amsterdam
armãneashti: Amsterdam
tarandíne: Amsterdam
русский: Амстердам
русиньскый: Амстердам
саха тыла: Амстердам
ᱥᱟᱱᱛᱟᱲᱤ: ᱟᱢᱥᱴᱚᱨᱰᱮᱢ
sardu: Amsterdam
sicilianu: Amsterdam
Scots: Amsterdam
davvisámegiella: Amsterdam
srpskohrvatski / српскохрватски: Amsterdam
Simple English: Amsterdam
slovenčina: Amsterdam
slovenščina: Amsterdam
chiShona: Amsterdam
Soomaaliga: Amistardam
shqip: Amsterdami
српски / srpski: Амстердам
Sranantongo: Damsko
Sesotho: Amsterdam
Seeltersk: Amsterdam
Sunda: Amsterdam
svenska: Amsterdam
Kiswahili: Amsterdam
ślůnski: Amsterdam
тоҷикӣ: Амстердам
Türkmençe: Amsterdam
Tagalog: Amsterdam
lea faka-Tonga: Amsterdam
Türkçe: Amsterdam
татарча/tatarça: Амстердам
удмурт: Амстердам
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: ئامستېردام
українська: Амстердам
oʻzbekcha/ўзбекча: Amsterdam
vèneto: Amsterdam
vepsän kel’: Amsterdam
Tiếng Việt: Amsterdam
West-Vlams: Amsterdam
Volapük: Amsterdam
Winaray: Amsterdam
Wolof: Amsterdam
მარგალური: ამსტერდამი
ייִדיש: אמסטערדאם
Yorùbá: Amsterdam
Zeêuws: Amsterdam
Bân-lâm-gú: Amsterdam
isiZulu: I-Amsterdami