Акрил кислотасы |
Акрил кислотасы (СН2=СН–СООН) – пропен к-тасы, түссүз кескин жыттуу суюктук, мол. масс. 72,06; эрүү t 13о; кайноо t 140о, d204 1,051; n204 1,422; суу, спирт, эфирде эрийт. А.к. аллил спиртин же альдегиддерди этияттык менен окистендирүүдөн алынат:
+[О] +[О]
СН2=СН-СН2ОН СН2=СН-СНО СН2=СН-СООН;
аллил спирти акролеин акрил кислотасы
О. эле өнөр жайларда этиленциангидринди суюлтулган H2SO4 ысытуудан жана b - оксимай к-тасын дегидратациялоо менен алынат. А.к. үчүн чектүү к-талар, туздар, татаал эфирлер, ангидриддер, галогентуундуларын жана башка пайда кылуу реакциялары мүнөздүү жана этилен сыяктуу суутек, галогендүү суутек, галогендерди кошуп алуу касиетине ээ. А.к. полимерленүүсүн болтурбоо үчүн стаблизатор кошуп сакталат. Ө.ж-да полиэфирлери, полиакрилаттары чоң мааниге ээ. А.к. полиакрил к-тасын, ион алмаштыруучу чайырлар, каучуктар, басмакана боёкторун, лактарды жана башка алууда колдонулат.